Пример HTML-страницы

Атанын осуяты

https://kyrgyzcha.site/?p=44056&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Атанын осуяты

Ажалынын жакындап калганын сезген бир бай уулун чакырып алып:

— Уулум, мен өлгөндөн кийин, «жума сайын кыз алып, калаа сайын үй сал. Аш жесең, бал жегин», — деп осуят айтыптыр.

Бай дүйнөдөн өтүп, уулу атасынын осуятын аткара баштайт: жума сайын кыз алып, калаа сайын үй салат.

Аш жесе, бал ичип, акчасын түгөтөт.

Ошентип жигит кедей болуп калат.

Бир күнү ээн талаага барып, бир далдаанын артына келет да, баш кийимин колуна алып, башын мыкчып отуруп калат.

Ошол убакта, бир жактан бир аксакал келип, жигитке салам берет.

Жигит алик алган соң, анын жанына отуруп, жигитке:

— Эмне кылып отурасың? – дейт.

— Жөн эле отурамын, — деп жооп берет.

Аксакал:

— Чыныңды айт! – деп кыса баштайт. Жигит эч нерсе айтпайт.

Аксакал:

— Сырыңды жашырба! Мен сага жакшылык кыламын,-дейт.

Жигит:

— Менин атам өтө бай киши эле, ошол атамдын өлөөр алдындагы айткан осуятын аткарамын деп, такыр кедей болуп калдым,-дейт.

Аксакал:

Кандай осуят айтты эле?

Жигит:

Биринчи осуяты:

«Мен өлгөндөн кийин жума сайын кыз ал» дегенинен мен атамдын ошол осуятын аткарып, жума сайын кыз алдым.

Экинчи осуяты:

«Калаа сайын үй сал» деген эле. Мен калаа сайын үй салдым.

Үчүнчү осуяты:

«Аш жесең, бал жегин» деген эле.

Мен бул осуятын да орундатып, күн сайын бал жедим. Ошентип, үч жылда бардык акчамды түгөттүм дейт.

Аксакал ордунан туруп, жигитке:

— Сен атаңдын осуятын укпаган экенсиң.

Атаңдын «жума сайын кыз ал» дегени:

«Аялың менен жумасына бир жолу кошулуп тур, ден соолукка жакшы» дегени;

«Калаа сайын үй сал» дегени:

«Калаа сайын досторуң болсун, барганда түшүп турасың» дегени.

«Аш жесең, бал жегин» дегени:

«Маңдай териң менен таап жесең, балдан таттуу болот» дегени – деп, аксакал андан ары өз жолун улантып кетиптир.

Жигит атасынын терең маанилүү осуятын ошондо гана түшүнгөн экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE