Пример HTML-страницы

Арафа күнү, жана түнү

https://kyrgyzcha.site/?p=53042&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Арафа күнү♥ жана түнү♥

Арафа күнү — Курман айттын биринчи күнүнөн мурдагы күн.

Арафа түнү болсо — Арафа күнү менен Курман айттын биринчи күнүнүн арасындагы түн.

Ар ыйык түнгө болгон сыяктуу бул түнгө дагы урмат көрсөтүү зарыл.

Хадиси шарифтерде айтылды♥

«Арафа күнүн урматтагыла! Себеби, Арафа Аллах тарабынан баркталган күн.”

«Арафа күнү орозо кармагандардын эки жылдык күнөөлөрү кечирилет♥ Биринчиси өткөн жылдын♥ экинчиси келерки жылдын күнөөлөрү♥”

«Арафа күнү 1000 Ихлас окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана дубасы кабыл болот.” (Баарын Бисмиллах менен окуу керек.)

«Арафа түнү ибадат кылгандар Тозоктон азат болот♥”

Ташрик такбирлери♥

Арафа күнү багымдат намазынан баштап Курман айттын төртүнчү күнү аср намазынын аягына чейин 23 убакытта эркек жана аялдардын (аялдар акырын окушат) фарз намаздардан кийин салам берип «Аллахумма антассалам…” деп айтуудан мурда такбир-и ташрикти окуулары важиб. Такбир-и ташрик төмөндөгүдөй:

♥»Аллаху акбар, Аллаху Акбар, Ла илаха иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил-хамд”♥

Фарз намаздардан башка айт күндөрү жана айт күндөрүнө дал келген жума намаздардан кийин дагы окулат. Мечиттен чыккандан кийин же башка нерсе сүйлөгөндөн кийин окуу зарыл эмес.

Арафа күнү кылына турган иштердин айрымдары төмөндөгүдөй:

1 – Арафа күнү багымдат намазынан баштап Курман айттын төртүнчү күнү аср намазына чейин эркек-аял ар ким жамаат менен окусун же жалгыз окусун, 23 убакыт фарз намаздардан кийин салам берип «Аллхумма антассалам…” деп айтуудан мурда бир жолу важиб болгон ташрик такбирин айтуусу керек. Б.а., «Аллаху акбар, Аллаху Акбар, Ла илаха иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил-хамд” деп айтылат. Мечиттен чыккандан кийин же башка нерсе сүйлөгөндөн кийин ташрик такбирин окуу зарыл эмес. (Халаби)

2 – Зилхижжа айынын 9чу күнү орозо кармоо өтө сооп♥ Бирок, Арафа күнү кармаса андан да көп сооп болот♥

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

«Арафа күнү орозо кармаган адамга Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.” (Р. Насыхин)♥

«Арафа күнү кармалган орозо миң күн (нафил) орозого барабар.” (Табарани)♥

«Арафа күнү кармалган орозо эки миң кулду азат кылууга, эки миң төөнү курмандыкка чалууга жана Аллахтын жолунда жихад үчүн берилген эки миң атка барабар.” (Т. Гафилин)♥

«Арафа күнү (Бисмиллах менен) миң Ихлас окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубасы кабыл болот.” (Абу-ш-шайх)♥

«Арафа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки жылдын күнөөлөрүнө кафарат болот.” (Муслим)♥

«Шайтан Арафа күнүнөн башка заманда андан да жаман, маскара, пас жана кектүү көрүнбөйт.” (И. Малик)♥

«Аллаху таала Арафа күнү кулдарына назар салат. Кымындай ыйманы бар адамды кечирет.” (Гунйа)♥

«Арафа түнү ибадат кылган адам Тозоктон азат болот.” (С. Абадиййа)♥(Ибадат катары илим үйрөнүү эң пайдалуусу. Илмихал окуу аркылуу эң ылайыктуу илим үйрөнгөн болобуз.)

«Дубанын пайдалуусу — Арафа күнү кылынган дуба.” (Байхаки)♥

«Арафа күнүн урматтагыла! Арафа Аллах тарабынан баркталган күн.” (Дайлами)♥

«Арафа күнү кулагына, көзүнө жана тилине ээ болгон адам кечирилет.” (Табарани)♥

Кулагына ээ болуу – ушак, музыка сыяктуу харам болгон нерселерди тыңдабоо. Өзү каалабай кулагына угулуп калса күнөө болбойт. Көзүнө ээ болуу – харам болгон нерселерди карабоо жана караган мубах нерселерден сабак алуу. Тилине ээ болуу болсо – жалган сүйлөбөө, ушак айтпоо, сөз ташыбоо, жаман сөз айтпоо, жада калса, пайдасыз нерселерди сүйлөбөө, эч кимди таарынтпоо. Буларды сактаган адам Арафа күнүн орундаган болот♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE