Алла таала♥
Араб тилинде «Алла» Эӊ Улуу Заттын аты.
«Алла» деген сөз Кудайдан башка эч бир жан же нерсеге колдонулбайт. Кудай үчүн башка тилдерде кезигүүчү бардык аттар сыпаттуу жана түшүндүрмө ысымдар, ошондой эле ошол аттар көбүнчө көптүк формада колдонулат, бирок «Алла» деген сөз эч качан көптүк формада колдонулбайт. Кыргыз тилинде «Алла» сөзүнүн (параллель) теӊи жок болгондуктан котормолордо «Алла» деген түпкү ат эле жазылат.
🌹Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм.
Ал-хамду лиллаахи Раббил ааламийн. Ар-Рахмаанир Рахийм. Маалики йаумиддийн. Иййаака наъбуду ва иййаака настаъийн. Ихдинассираатал мустакийм. Сирааталлазийна анъамта алайхим гайрил-магзууби алайхим валаззаааллийн🌹
Аамийн. («Ал-Фаатиха» сүрөөсү: 1-7)
1. (Мен) чексиз берешендик кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен (окуйм).
2. Ар (түрдүү) мактоо-алкоо бүткүл ааламдардын Раббиси – Аллага таандык.
3. Чексиз берешендик кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
4. (жана) Сыйлык менен Жаза күнүнүн Ээси.
5. (Эй, Алла!) Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз.
6. Бизди туура жолдон жүргүзгүн –
7. Сен тартуу кылган, (кийинчерээк) каарыӊа дуушар болбогон жана адашпаган адамдардын жолунан.
🌹Асмандар менен жердеги бардык нерселер Аллага тасбех айтат. Ал Эӊ Жеӊүүчү (жана) Эӊ Даанышман♥ (57:2)
🌹Асмандар менен жердин падышачылыгы Аныкы. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал бардык нерселерге Кудуретүү♥(57:3)
🌹Ал Абалкы жана Акыркы, ошондой эле Көрүнөө жана Көмүскө. Ал ар бир нерсени билет♥(57:4)
🌹Ал асмандар менен жерди алты доордо жаратты, анан Аршта бекем жайгашты. Ал жерге кире турганын да, андан чыга турганын да, асмандан түшө турганын да, ага көтөрүлө турганын да билет. Силер кайда барбасаӊар, Ал силер менен бирге болот. Алла амалдарыӊарды жакшы билет♥ (57:5)
🌹Асмандар менен жердин падышалыгы Аныкы. Бардык иштер (өкүм чыгаруу үчүн) Аллага гана кайтарылат♥(57:6)
🌹Ал түндү күндүзгө киргизет жана күндүздү түнгө киргизет. Ал жүрөктөгү нерселерди жакшы билет♥(57:7)
🌹Асмандар менен жердеги бардык нерсе Аллага тасбех айтат♥ (64:2)
🌹Ал силерди жараткан. Демек, араӊардагы бирөө каапыр болуп кетет, бирөө момун болуп калат. Алла амалдарыӊарды көрүп турат♥ (64:3)
🌹Асмандар менен жерди Ал (Алла) өзгөчө бир максат менен жараткан, ошондой эле келбеттериӊерди жараткан жана турпаттарыӊарды абдан кооз кылып жараткан. Ага гана кайтып барасыӊар♥(64:4)
🌹Ал асмандар менен жердеги бар нерселерди билет жана силер беките турган же ачыкка чыгара турган амалыӊарды да билет. Алла жүрөктөгү нерселерди да билет♥(64:5)
🌹Албетте, Алла дан менен данекти жаруучу, Ал тирүүнү өлүктөн чыгарат жана өлүктү тирүүдөн чыгаруучу. Силердин Аллаӊар – мына ушул♥Демек, айткылачы, силер кайдан кайтарыласыӊар? 🌙(6:96)
🌹Ал таӊды чыгаруучу. Ал түндү эс алуу куралы кылды жана күн менен айды эсептөө куралы кылды. Бул – Жеӊүүчү (жана) Билүүчү (Алла)нын өлчөмү♥(6:97)
🌹Ошол эле Зат силер үчүн жылдыздарды, алар аркылуу кургактык менен деӊиз кыйынчылыктарында жол табууӊар үчүн жаратты. Биз илим-билимдүү коом үчүн жышаандарды ачык-айкын баян кылып койдук♥(6:98)
🌹Ошол эле Зат силерди бир жандан жаратты, анан (силер үчүн) убактылу турак жай менен узак мөөнөткө туруучу турак жайды белгиледи. Биз түшүнө турган адамдар үчүн жышаандарды ачык-айкын баян кылдык♥ (6:99)
🌹Ошол эле Зат асмандан суу түшүрдү, анан (карагыла, кантип) ал аркылуу Биз ар түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп чыгардык жана аны менен эгинди жараттык, андан кат-кат дандарды чыгарабыз, ошондой эле курмадан, тактап айтканда, анын башынан ылдый жакка ийилген мөмөлөрдү (чыгарабыз), ошондой эле жүзүм, зайтун жана анардан ушундай бактар(ды чыгарабыз): алардын айрымдары өз ара окшош жана (айрымдары) айырмаланат. (Алардын арасындагы ар түрдүү бак-дарак) мөмө байлаганда, анын мөмөсүн жана анын бышуу (ахвалына) карагыла. Мында ыйман келтирген адамдар үчүн албетте (арбын) жышаандар бар♥(6:100)
🌹Алар жиндерди Аллага шерик кылышты. А чынында болсо, Ал (Алла) аларды жараткан. Алар жалган жолу менен билбестен туруп, Ага уулдар жана кыздарды таандык кылышты. Ал – Таза жана алар айтып жаткан нерселерден Бийик♥(6:101)
🌹(Ал) асмандар менен жерди кандайдыр бир калыпсыз жоктон бар кылуучу. Анын кандайдыр бир жубайы болбогондон кийин Анын уулу кантип болушу мүмкүн? Ал болсо, ар бир нерсени жараткан жана ар бир нерсени билет♥ (2:256)
🌹Ал – Алла! Андан башка кудай жок. Ал көмүскөнү жана көрүнөөнү билет. Ал чексиз мээримдүүлүк кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу (Алла)♥ (59:23)
🌹Ал – Алла! Андан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок. Ал – Падыша, (Өзү) Таза (жана башкаларды тазартат, Өзү) ар бир айып-кемчиликтен таза (жана башкаларды таза кармайт), бардыгына аманчылык тартуулоочу, бардыгына Көзөмөлчү, Жеӊүүчү, бардык жарыган жүрөктөрдү бириктирет. Улуу салтанат Ээси. Алла алар Ага шерик кылган нерселерден таза♥(59:24)
🌹Ал – Алла! Ар бир нерсенин Жаратуучусу жана ар бир нерсени жоктон бар кылуучу. Ар бир нерсеге анын өзүнө жараша келбет берүүчү. Анын жакшы сыпаттары арбын. Асмандар менен жердеги бар нерсе Ага тасбех айтат. Ал Жеӊүүчү (жана) Даанышман♥(59:25)

















































