Пример HTML-страницы

АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ 15 СӨЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=43047&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🔴 АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ 15 СӨЗ

1. «Бисмиллах» – «Аллахтын ысымы менен баштаймын» Ар бир ишти баштаганда ушул сөздү айтуу менен баштайбыз.

2. «Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух» – «Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун». Мусулмандар өз ара салам бергенде айтылат.

3. «Аллаху акбар» – «Аллах улук» Аллахты улуктоо жана Анын кудуреттүүлүгүн даңазалоо максатта айтылган сөз.

4. «Субханаллах» – «Аллах айып-кемчиликтерден аруу». Аллахтын улуктугун, кудуреттүүлүгүн жана Анын ар бир кылган иш-аракети кемчиликсиз экендигин даңазалоодо айтылат.

5. «Алхамдулиллах» – «Аллахка шүгүр, Аллахка мактоолор болсун». Аллах тараптан келген ар бир жакшылыкка шүгүрчүлүк келтиргенде айтылат.

6. «МашаАллах» – «Аллахтын каалаганы болду». Бул сөз бир нерсеге таң калганда, Аллахтын кудуреттүүлүгүн көргөндө, иш оңунан чыгып кубаныч келгенде айтылган сөз.

7. «ИншаАллах» – «Аллах кааласа, Кудай буйруса». Бир ишти баштоого ниет кылганда, бирөөгө убада бергенде, Аллахтан үмүт кылууда айтылат.

8. «Хасбуналлаху уа ниъмал вакиил» – «Бизге Аллах Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы Колдоочу жана Коргоочу». Адам бул сөздү аргасыз абалга, күтүүсүз кыйынчылыкка туш болгондо, кайгы-капага кабылганда айтат.

9. «Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожийм» – «Каргышка калган шайтандан коргоону Аллахтан сураймын». Азгырык ойлор келгенде, жаман ниеттер пайда болгондо, ачууланган кезде айтуу керек.

10. «Астагфируллах» – «Аллахтан күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын». Күнөө иш кылып, ага тообо кылган кезде, жаңылган, катачылык кылган кезде айтылат.

11. «Аамиин» – «Кабыл кыла көр». Дуба кылгандан кийин айтылат.

12. «Инна лиллахи уа инна илайхи роожиъуун» – «Чындыгында Биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтабыз». Жакын адамын жоготкондо, адамдын башына балээ-кырсык түшкөндө, бир адамдын кайтыш болгону тууралуу кабарды укканда айтылат.

13. «Бааракаллаху фиика» – «Аллах сага береке берсин». Ыраазылык билдирүүдө, адамга жакшылык тилек айтууда, анын ийгилигине кубанууда же көз тийип кетүүдөн сактоо үчүн айтылат.

14. «Жазакаллаху хойрон» – «Аллах сизди жакшылык менен сыйласын». Бирөөгө ыраазылык, рахмат айтканда айтылган сөз.

15. «Саллаллаху алейхи уа саллам» – «Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун». Пайгамбарыбыздын атын укканда же анын атын айтканда айтылат.

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE