Пример HTML-страницы

АЛЛАГА ТУУРА ТАЯНУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=54762&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

✳ _Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим_ ✳

 

🍃 *АЛЛАГА ТУУРА ТАЯНУУ*🍃

 

✳ Умардын (Алла андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: Мен Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мынтип айтканын укканмын: “Эгерде силер Аллага талап кылынгандай тобокел кылганыңарда, анда Ал силерге эртең менен ачка учуп кетип, кечинде тоюп келген чымчыктар сыяктуу ырыскы берип турмак”. (Бул хадисти имам ат-Тирмизий риваят кылган жана “хасан хадис” — деп айткан).

 

✳Хадистен алынган сабактар:

 

✳1-Бул хадис Аллага тобокел кылууга үндөйт.

 

✳2-Имам аль-Байхакий “Шуабул Ийман” китебинде мындай дейт: “Бул хадисте кесип кылбастан олтуруп алууга далил жок. Тескерисинче бул хадис ырыскы издөөгө далил болгон нерсе бар. Анткени чымчыктар эрте менен чыкканда ырыскы издөө үчүн чыгышат. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) бул хадис менен муну айткысы келди: Эгерде алар үйдөн чыгып кетүүсүндө, кайтып келүүсүндө, иштерди аткаруусунда Аллага тобокел кылышкан болушса жана жакшлыктын баары Алланын колунда жана жакшылык Андан гана болот деп билишсе, анда алар аман-соо, ачка учуп кетип, ток кайткан чымчыктар сыяктуу бай болуп гана кайтышмак. А бирок алар өздөрүнүн тамак-аштарына, чыдамкайлуулуктарына таянышат жана жалган-жашык айтышып, насыят айтышпайт. А бул болсо тобокелге ылайык келбейт”.

 

✳3-Чындап тобокел кылуу жана аракет кылып, изденүү – ырыскы келүүсүнүн негизи.

 

✳4-Ырыскы күч-кубат менен келбейт. Ырыскы себептерди аткаруу жана Аллага тобокел кылуу менен келет. Болбосо бүркүттөр турган убакта чымчыктарга ырыскы берилмек эмес.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE