АЛГАНЫҢ ЖАКШЫ БОЛСО – ЖАКАҢ АГАРАТ
АЛГАНЫҢ ЖАМАН БОЛСО – ЧАЧЫҢ АГАРАТ
Күндүзү жылдызды ким көрөт?
БисмиЛлах!
Бир адам ыймандуу кызга үйлөнөт. Кыз абдан такыба болгондуктан, абдан көп ибадат кылат эле. Ар дайым күйөөсүнө көңүл буруп, анын оюндагысын айттырбай аткарып турчу. Күйөөсүнүн кийимин жууганда Аллахты эстеп, зикир менен жуучу. Тамак бышырганда даарат менен, Куран окуп бышырчу. Күйөөсүнө жасаган ар бир мамилесинде Аллахты эстеп турчу. Адал тамак, таза жашоо күйөөсүнүн зээнин ачып, күндөн-күнгө жашарып, күч-кубаты аша берет. Алгач аялынын такыба-тазалыгына ыраазы болуп, ага жакшы мамиле жасаган күйөөсү, кийинчерээк аялына анча көңүл бурбай, өзүн андан өйдө сезе баштайт. Кээде аялына жаман сөздөрдү да айтып жиберчү болот. Бирок, аялы ага мурдагыдай эле жакшы мамиле жасай берет. Аялдын тазалыгы менен такыбалыгы эркекке катуу таасир бергендиктен, күйөөсү күндүзү асмандагы жылдыздарды көрө турган даражага жетет. Ал достору нун арасында: “Күндүзү жылдызды кимиң көрө аласың?” деп мактана баштайт. Өзүнүн мынчалык бийик даражага жеткенине манчыркап кеткен күйөөсү бир күнү аялына көңүлүн оорута турган катуу сөз айтып жиберет. Анын адилетсиздигине чыдабай кеткен аял:- Оо, менин сүйүктүү абышкам, сиздин ушундай даражага жеткениңизге менин себеп болгонумду унутпаңыз, – дейт.- Буга сенин эч кандай тиешең жок, – дейт күйөөсү, ачууланып, – менин көзүмдүн курч болуусуна сенин кантип тиешең болсун. Аялы бул жолу да унчукпай калат. Бирок, күйөөсүнө ичи сууп мурдагыдай жакшы мамиле кылбай калат. Кийимин эптеп-септеп жууп коёт. Дааратсыз тамак бышырат. Үйдүн тазалыгына да көңүл бурбайт. Арадан бир канча күн өткөн соң күйөөсүнүн зээни азая баштайт. Дагы бир аздан кийин көзүнүн көрүүсү алсыздап, күндүзү жылдыздарды көрө албай калат. Абалынын начарлап бара жатканын сезип турса да аялынын алдында күнөөсүн моюнуна алгысы келбей, унчукпай жүрө берет. Бир канча күндөн кийин көзүнүн курчу кетип, түн ичинде жылдыздарды көрбөй калат. Ошондо гана, аялына болгон окуяны айтып, күнөөсүн моюнуна алат. Ошондо акылдуу аял күйөөсүн кечирип: “Алганың жакшы болсо жакаң агарат, алганың жаман болсо, чачың агарат” деген накылды эсине салган экен.