Акыр заман белгилери эки бөлүккө ажырымдалат:

https://kyrgyzcha.site/?p=50054&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Акыр заман белгилери эки бөлүккө ажырымдалат:

 

1. Акыр замандын кичине белги-алааматтары;

 

2. Акыр замандын чоң белги-алааматтары;

 

Кичине белгилер өтө эле көп. Мисал катары Калыгул олуянын: «Тоо токол болоор, кул бий болоор», «Акыр заман кишиси, кичине болоор мүчөсү», Буйлаш уулунун: «Акыр заман болгондо, Журтта ургаачы көбөйүп, Бой азаят дечү эле..», Молдо Кылычтын: «Орозо ,намаз окубай, Тил кыскарган бир заман..», деген бейттери хадистерде келген маалыматтарга үндөшүп турат. Бул өз кезегинде жогорудагы аталарыбыздын Ислам таалимдери боюнча илимдүү, кеменгер, чыныгы мусулман болгондугунан кабар берет. Ал эле эмес бул маалыматтарды Адам алайхис салам баш болгон Пайгамбар-азиздерден (урматтуулардан) алгандыгын ачык айтып туру. Андан башка да:

 

Балдардын ата-энеге кайрымсыз чыгуусу,

 

соода-сатыктын көбөйүүсү,

 

илимсиздиктин жайылуусу,

 

тааныштарга гана салам берип, тааныш эместерге унчукпай коюу,

 

аманаттын көтөрүлүүсү,

 

жылаңач, жарым жылаңач аялдардын пайда болуусу,

 

кой артынан жүргөн жылаңаяк-жылаңач, жармачтардын бийик үй салууда жарышуусу,

 

соодада аялдын күйөөсүнө жардам берүүсү,

 

базарларды кээ бир соодагерлердин монополияга айлантып алуусу,

 

жалган күбөлүк берүү,

 

акыйкат күбөлүктү жашыруу,

 

сараңдыктын жайылуусу,

 

тууган-уруктан мамиленин үзүлүүсү,

 

жаман коңшулардын көбөйүүсү,

 

уятсыздыктын жайылуусу,

 

аманатка бекем адамды кыянатчыл деп айыптоо,

 

кыянатчылды аманатка бекем деп мактоо,

 

мал-акчаны кайдан келгенине, адал-арамдыгына маани бербестик,

 

Кудайдан башканын ыраазылыгы үчүн илим алуу,

 

үй-бүлөдө аялга баш ийип калуу,

 

энеге кайрымсыз болуу,

 

мечиттерде кыйкырып сүйлөө,

 

фаасык, дини тайыз адамдардын жамааттарга башчылык кылуусу,

 

элдин башына эң тайыздардын башчылык кылуусу,

 

пенденин жамандыгы тийбесин деп урматтоо,

 

жибекти эркектердин адал деп кийип алуусу,

 

арактын кадимкидей ичилип калуусу,

 

музыканын бардык түрүнүн жайылуусу,

 

эртең менен мусулман болгондордун кечинде мусулман эмес болуп күн батыруусу,

 

мечиттерди кооздуктар жасалгалап, алар менен мактануу,

 

байлыкты тил менен гана таап калуу,

 

Куран жаттаган каарылар көбөйүп, илимдүүлөр менен факих аалымдарынын азаюусу,

 

убакыттын берекесинин кетүүсү,

 

жылкынын кымбаттап кайра арзандоосу,

 

базарлардын жакын болуп калуусу,

 

жалгандын көбөйүүсү,

 

жер титирөөлөрдүн көбөйүүсү,

 

аялдардын көбөйүүсү,

 

эркектердин азаюусу,

 

Куран окугандыгына ижаара акы алуу,

 

семиздердин көбөйүүсү,

 

алдуусу алсызын басып жейт, кордойт,

 

байлык көбөйүп, жалпы адамзатта байлыктын жайылуусу,

 

аялдарды ойноштук менен айыптоонун көбөйүүсү,

 

Меккеде бийик имаараттардын курулуусу,

 

Имам Махдийдин чыгуусу (баамдалып тургандай Махдийдин чыгуусу кичине белгилерге кошулат)…. акыр замандын кичине белгилерине кошулат.

 

Акыр замандын чоң алаамат-белгилери:

 

Чоң белгилердин бири башталган учурда, калгандары да кезеги менен уланып келе берет. Каптын оозунун ачылганы мына ошол… Тизилген мончоктой болуп келе берет… Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Тизилген мончок үзүлгөндөй болуп, кыяматтын чоң белгисинин бири башталаары менен уланып кетет. Чоң белгилер деп аталып калгандыгы да, кыяматка жакын болуусу менен, бул окуялардан кийин дароо кыяматтын болоорлугу менен түшүндүрүлөт.

 

Дажжаалдын чыгуусу. Адам баласынан чыккан пенде. Кудай Таалам ага бир канча кудуреттерди берген. Кудай Таалам пенделеринин ыйманын сыноо максатында бул нерселерди тагдырга жазган. Пайгамбарыбыз алайхис салам анын кулк-мүнөздөрүн, табигый сыпаттарын баяндап берген. Дажжаал чоң фитна. Пендени ыймансыздыкка алып бара турган жумуштарды жасайт, азгырат. Ал өзүн кудаймын деп жарыялайт. Жер жүзүндөгү эң чоң фитна деп саналат.

 

Ийса пайгамбарыбыз алайхис саламдын түшүүсү. Дажжаалды өлтүрөт. Мусулмандарга амандык келет. Адилеттүүлүк өкүм сүрөт.

 

Я-жууж менен Ма-жууждун чыгуусу. Адам тукумунан болушат.

 

Чыгышта, батышта жана араб жарым аралында жер жарылып, адамдарды жутат.

 

Түтүндүн каптоосу.

 

Улоонун (даабба) чыгуусу

 

Күндүн батыштан чыгуусу.

 

Жалпы өрттүн чыгуусу.

 

Мунун баарын айтып жаткандыгым, кыямат болуп кетет экен эртең деп энтеңдегендер эбине келсин, ар нерсенин жолу болот, кыяматка даярдануунун да жолу бар, ошол жолу менен жүрсүн деген бир туугандык жакшы тилегим. Кыяматка даярдануу отун топтоп, суу сактаган менен болбойт. Кыяматка амал менен, жакшы сооптуу иштерди аткаруу менен, адамзатка кайрымдуулуктун жылуулугун жеткирүү менен болот. Эң негизгиси Аллах Таалага ыйман келтирип, акыркы пайгамбар Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жолун ээрчип, сүннөтүн тутунуп жашоону ишке ашыруу.

Эң эле талашсыз маселе, ар адам бактылуу болгусу келет. А бирок эң эле талаштуу маселе ар ким бактылуу болууну ар кандай түшүнөт. А бирок талашсыз чындык, бактылуулуктун баары динде, тутунууда, карманууда. Ким канчалык пайыз карманса, ошого жараша бактылуу болоор. Толук бактылуу болгуңуз келеби, анда толук карманыңыз диниңизди. Сизди жараткан Кудайым сиздин бактылуу болуңузду каалап эле турат, а бирок отко айдаса бокко качкан пенде өзүнө өзү кылып алаар экен..

Дагы бир баса айтчу нерсе, Калыгул олуя сыяктуу бабаларыбызды, «Аалам сырларына» чыгып жаткан жанагы бетин жуубаган «көзү ачык» каапырларга теңеген таптакыр туура эмес. Асман жердей айырма бар. Алар бейиши болсо, булар тозоку. Алар акылдуу болсо, булар акмак. Алардан Аллахым ыраазы болсун деп дуба кылсак, булардын атын айткандан жийиркенебиз. Жаза-тайып айтып алса бир пенде, оозун күлдөп жуумагы лаазым болоор.

 

 

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️