Пример HTML-страницы

Адам баласы өлүктү көмүүнү каргадан үйрөнгөнбү?

https://kyrgyzcha.site/?p=53864&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Адам баласы өлүктү көмүүнү каргадан үйрөнгөнбү?

Бул окуя тууралуу Куранда минтип айтылган:

“Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер:

Бир кезде экөөсү (Ал­лахтын ыраазылыгы үчүн, кол астындагы нерселерден) курмандык кылып, ал кур­мандыктар биринен кабыл болуп, экин­чисинен кабыл болбой калды. Ал (кур­мандыгы кабыл болбой калган) бала айтты:

“Мен сени өлтүрөмүн!” (Экинчиси) айтты:

“Аллах такыба кишилердин гана курман­дыгын кабыл алат. Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол салбаймын. Мен Ааламдар­дын Роббисинен коркомун. Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, тозок ээле­ринен болуп калышыңды каалаймын. Заа­лымдардын жазасы – ушул”. Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүр­дү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды. Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Заалым баланын көз алдында эки карга тытышып, бир өлөт да, өлтүргөнү тырмагы менен жерди чукуп аны көмүп салат. Ошондо) ал: “Оо, шорум курусун!” Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргадай көмө албадымбы?” – деп бушайман кылуучулардан болду”. (Мааи­да, 27-31-аяттар).

•Бул окуяда Адам атанын балдары Ка­был менен Хабил жөнүндө айтылган. Шай­тандын азгырыгы менен көралбастыкка ал­дырган Кабыл бир тууганы Хабилди өлтүрүп коёт. Бул адамзаттын тарыхындагы алгачкы адам өлтүрүү бол­гон. Кабыл бир тууганынын сөгүн ар бери көтөрүп бир топ убакыт жүрөт. Ошол убакта Аллах Таала ага эки карганы жөнөтөт. Алардын бир экинчисин өлтүрөт да, дароо жерди чукуп көмүп салат. Аны көргөн Кабыл да, бир тууганынын сөөгүн жерге жашырат. Бул окуя­дан улам суроо пайда болот. Эмне үчүн Аллах Таала адам­га мугалим кылып каргадан башка жаныбарды жиберген жок?

Биология илиминин изилдөөсү боюн­ча, карга канаттулардын эң зээндүүсү жана айлакери. Өз көлөмүнө салыштырмалуу мээ­си эң чоң канаттуу – карга болуп эсептелет. Каргалардын жашоо мыйзамында жазалоо түшүнүгү бар. Эгерде, бир карга мыйзамды бузса, алар аны жамаат менен жазалашат. Баарынан таң калыштуусу, ар бир кылмыш­тын өзүнө жараша жазасы болгондугунда:

– Эгерде жаш балапандан тамак тар­тып алса, башкалар анын канатын жулуп, дал ушул балапан сыяктуу учууга жөндөмсүз кылып салышат.

– Эгерде салынган уяны тартып алса, аны жаңы уя салып берүүгө мажбур кылы­шат.

– Эгерде ургаачы каргага зыян жеткир­се, аны чокуп жана тытып өлтүрүшөт.

Алардын жазалоо өкүмү талааларда, жалпы каргалардын жыйынында өтөт. Кы­зыгы күнөөкөр карга эч качан каршылык көрсөтпөйт. Ал эми, өлүм жазасына тартыл­ган карга эч качан жер бетинде калбайт. Аны атайын жерди чукуп көмүп салышат. Өлүктө­рүн жер үстүнө калтырбаган канаттуу карга болуп эсептелет. Ошондуктан, Аллах Таала өлүктү көмүүнү үйрөтүү үчүн карганы жи­берген.

Бул, Аллах Тааланын чексиз дааныш­мандыгын дагы бир жолу далилдеп турат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE