* Харам жегендердин бүт дене мүчөлөрү кааласа да, каалабаса да күнөө кылат. Халал жегендердин дене мүчөлөрү болсо ибадат кылат♥
* Адепти сактабастан кылынган кызматтардын пайдасы жок.
* Дүнүйөдөн кийинки жолчулук өтө узак. Ал узак жолчулук үчүн керек болуучу нерселерди камдап алгыла!
* Өзүнүн жана бала-бакырасынын тиричилик каражаттарын камсыз кылуу үчүн иштөө — фарз♥
* Дүнүйө жана акыретте жакшылык сабыр менен колго тийет♥
* Эң пайдалуу амал – напсинин каалоолорунун терсин кылуу.
* Адамдар дуушар болгон балээ жана кыйынчылыктардын эң чоңу — акырет жана дүнүйө иштери менен алектенбей бош отуруу.
* Дин – адамдарды түбөлүк бактылуулукка алып баруу үчүн Аллаху таала тарабынын көрсөтүлгөн жол♥
* Бир адам үчүн эң жаман беш нерсе: ыймансыздык, кибир (текеберлик), аз шүгүр, жаман ахлак жана сараңдык.
* Аллаху таала башкаларга ырайым кылбаган адамга ырайым кылбайт, кечирим сурагандарды кечирбеген адамды кечирбейт.
* Мал-мүлк сараңдарда, курал коркоктордо, башкаруу да алсыздарда болсо иштер бузулат.
* Диний илимдер – дүйнөдө жана акыретте бактылуулукка ээ кылган илимдер болуп саналат♥
* Дүнүйөлүк нерселер үчүн капалануу жүрөккө караңгылык, акырет үчүн капалануу болсо жүрөккө нур♥
* Аракет кылбай жана мээнет кылбай Бейишке кире турганын ойлогон адам бош кыялдарга кабылат.
* Шарапаттуу жана асыл адам сөзүндө турат. Акылдуу адам жалган сүйлөбөйт. Момун адам ушак кылбайт♥
* Илими жок адамдын дүнүйөдө да акыретте да эч кандай баркы жок.
* Ар жамандыктан узак болуунун жолу – тилине ээ болуу.
* Дүнүйө сыноо жери болуп саналат. Бул жерде дос-душманга бирдей ырайым кылынган. Акыретте болсо бир гана досторго ырайым кылынат♥
* Ачууланган кезде өзүнө аманат кылынган сырды ачып койгон адам эң төмөн адам.
* Жумуш кылбай, ар кимге муктаж болуп калган адамдын дини жана акылы кем болот.
* Жамандар менен бирге болгон жана аларды коргогон адамдар да жамандардан болуп саналат.
* Кибир жана ачуу адамдардын башына көп балээ кырсыктарды алып келет.
* Башкаларды оңдоону кааласаң алгач өзүңдү оңдо!
* Аалым жана олуялардын кабырларын зыярат кылгыла! Себеби, ал улуулар зыярат кылгандарга шапаат кылышат.

















































