🌹♥بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
عَبَسَ وَتَوَلَّى (1)
أَن جَاءهُ الْأَعْمَى (2)
وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّهُ يَزَّكَّى (3)
أَوْ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ الذِّكْرَى (4)
أَمَّا مَنِ اسْتَغْنَى (5)
فَأَنتَ لَهُ تَصَدَّى (6)
وَمَا عَلَيْكَ أَلَّا يَزَّكَّى (7)
وَأَمَّا مَن جَاءكَ يَسْعَى (8)
وَهُوَ يَخْشَى (9)
فَأَنتَ عَنْهُ تَلَهَّى (10)
كَلَّا إِنَّهَا تَذْكِرَةٌ (11)
فَمَن شَاء ذَكَرَهُ (12)
فِي صُحُفٍ مُّكَرَّمَةٍ (13)
مَّرْفُوعَةٍ مُّطَهَّرَةٍ (14)
بِأَيْدِي سَفَرَةٍ (15)
كِرَامٍ بَرَرَةٍ (16)
قُتِلَ الْإِنسَانُ مَا أَكْفَرَهُ (17)
مِنْ أَيِّ شَيْءٍ خَلَقَهُ (18)
مِن نُّطْفَةٍ خَلَقَهُ فَقَدَّرَهُ (19)
ثُمَّ السَّبِيلَ يَسَّرَهُ (20)
ثُمَّ أَمَاتَهُ فَأَقْبَرَهُ (21)
ثُمَّ إِذَا شَاء أَنشَرَهُ (22)
كَلَّا لَمَّا يَقْضِ مَا أَمَرَهُ (23)
فَلْيَنظُرِ الْإِنسَانُ إِلَى طَعَامِهِ (24)
أَنَّا صَبَبْنَا الْمَاء صَبًّا (25)
ثُمَّ شَقَقْنَا الْأَرْضَ شَقًّا (26)
فَأَنبَتْنَا فِيهَا حَبًّا (27)
وَعِنَبًا وَقَضْبًا (28)
وَزَيْتُونًا وَنَخْلًا (29)
وَحَدَائِقَ غُلْبًا (30)
وَفَاكِهَةً وَأَبًّا (31)
مَّتَاعًا لَّكُمْ وَلِأَنْعَامِكُمْ (32)
فَإِذَا جَاءتِ الصَّاخَّةُ (33)
يَوْمَ يَفِرُّ الْمَرْءُ مِنْ أَخِيهِ (34)
وَأُمِّهِ وَأَبِيهِ (35)
وَصَاحِبَتِهِ وَبَنِيهِ (36)
لِكُلِّ امْرِئٍ مِّنْهُمْ يَوْمَئِذٍ شَأْنٌ يُغْنِيهِ (37)
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ مُّسْفِرَةٌ (38)
ضَاحِكَةٌ مُّسْتَبْشِرَةٌ (39)
وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ عَلَيْهَا غَبَرَةٌ (40)
تَرْهَقُهَا قَتَرَةٌ (41)
أُوْلَئِكَ هُمُ الْكَفَرَةُ الْفَجَرَةُ (42)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен🌹♥…
1. (Пайгамбар) Кабагын бүркөп ары бурулду,
2. сокур киши ага (үгүт-насаат сурап) келген кезде.
3. (Эй, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, мүмкүн ал үгүт-насааттан улам тазаланмак,
4. же болбосо ошол үгүт-насаат ага пайда берээр эле.
5. Ал эми эч нерсеге муктаждык сезбеген адамдарга болсо,
6. Сен аларга (көңүл буруп) маани берип жатасың.
7. (Алар) үгүт-насаатыңды укпай койсо, сага зыяны жок.
8. Ал эми сага (чын ыкласы менен) умтулуп келген адам –
9. (Алладан жана акырет азабынан) коркуп турат эле.
10. А сен болсо ага көңүл бурбай алаксыйсың.
11. Жо-ок! (Эми эч качан андай кылба!) Акыйкатта, бул аяттар сага эскертме-сабак!
12. Эми ким кааласа мындан эскертме-сабак алат.
13. (Бул аяттар) ыйык барактарда,
14. Эң жогору көтөрүлгөн жана таптаза (жайда),
15. Периштелердин колунда,
16. (Алар) ардактуу жана өтө таза.
17. (Каапыр) адам каргышка калсын! Аны эмне мынчалык каапырлыкка айлантты?
18. Ал (Алла) аны эмнеден жаратты эле?
19. Бир тамчы уруктан жаратып, анан келбет берип, (дене мүчөлөрүн) ченеп койгон.
20. Анан анын (чыгуу) жолун жеңил кылган.
21. Анан аны өлтүрүп, мүрзөгө коёт.
22. Андан соң Өзү каалаган учурда аны тирилтет.
23. Жо-ок! Ал өзүнө буйрулган (Аллахтын) буйруктарын аткарбады.
24. Инсан өзүнүн жеп жаткан тамагына карап көрсүнчү?!
25. Биз нөшөрлөгөн жаанды жаадырабыз,
26. андан соң жерди жарып,
27. анын үстүнө уруктарды өстүрөбүз,
28. жүзүмдөрдү жана беделерди
29. ошондой эле зайтун менен курма дарагын,
30. жана да чытырман токойлорду,
31. мөмө-жемиштерди жана жайыттарды,
32. силер жана силердин малыңар пайдалансын деп (жараттык).
33. Ал эми кулак жарган үн угулуп, жаңырган кезде,
34. мына ошол Күнү адам баласы – өзүнүн бир тууганынан качат,
35. өз энесинен жана өз атасынан да,
36. өзүнүн жарынан жана балдарынан да (качып калат).
37. Анткени, бул Күнү алардын ар биринин өз түйшүгү жетиштүү болот.
38. Ал Күнү (кээ бир адамдардын) жүздөрү жаркырап турат,
39. күлмүңдөп, кубанышат.
40. Ошол күнү (айрымдарынын) жүздөрүн чаң басат.
41. Аларды караңгылык чулгайт.
42. Алар – күнөөгө баткан каапырлар.

















































