Пример HTML-страницы

Аалымдын таңы

https://kyrgyzcha.site/?p=56856&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Аалымдын таңы

Имам Шафъий бир күнү багымдат намазынан кийин үйүнө кайтып баратса, жолдон бир киши салам берип, кандай таң аттырдыңыз деп сурайт. Имам Шафъий алик алып төмөндөгүдөй жооп берген экен: — Менден сегиз нерсе суралган абалда таң аттырдым!

1- Роббим менден буйруган парзын сурайт.

2- Расулуллах (соллаллоху алайхи уа саллам) менден сүннөттөрүн сурайт.

3- Үй-бүлө, бала-чакам күнүмдүк ырыскыларын сурайт.

4- Нафсим ага ээрчишимди сурайт.

5- Шайтан өзүнө алданышымды сурайт.

6- Периштелер жакшы нерселерди жаздырышымды сурайт.

7- Өткөн күндөрүм карышымды сурайт.

8- Акырында, Азраил периште өлүмгө даяр турушумду сурайт. Ушундай суроолор менен таң атырам. Ар күнү таң эрте бул суроолордун жообун табуу үчүн жөнөйм деген экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE