Пример HTML-страницы

40 хадис, балдар үчүн 

https://kyrgyzcha.site/?p=54988&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Хадистер

 40 хадис, балдар үчүн

1-хадис

Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар адам бейишке кирет.

2-хадис

Мусулмандардын арасында ыйманы эң толугу – кулк-мүнөзү эң жакшысы.

3-хадис

Тазалык – ыймандын жарымы.

4-хадис

Адамдын эң жакшысы – адамдарга пайдалуу болгону.

5-хадис

Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр.

6-хадис

Мусулман мусулмандын бир тууганы.

7-хадис

Калп айтуу жамандыкка алып келет.

8-хадис

Алла Таала силердин сырткы келбетиңерге эмес, жүрөктөрүңөргө жана жасаган иштериңерге карайт.

9-хадис

Адамдарга ыраазычылык билдире албаган адам, Алла Таалага да шүгүрчүлүк келтире албайт.

10-хадис

Ар дайым Алланы эстеп жүрсөң, Ал да сени менен чогуу болот.

11-хадис

Жакшы, сооптуу иштерди жасаганга умтулгула.

12-хадис

Чыныгы мусулман – тилинен да, колунан да башкаларга зыяны тийбеген адам.

13-хадис

Тамагын жеп, суусун ичкенден кийин Жаратканга мактоо айткан пендесине Алла Таала ыраазы болот.

14-хадис

Бирөөнүн унаага минүүсүнө жардам берип, жүгүн же азыгын жүктөшүп берүү да садака. Жакшы сөз да садака. Мечитке баргандагы ар бир кадам да садака. Жолдон тоскоолдуктарды алып салуу да садака.

15-хадис

Адамдарга мээримдүү болбогонго Алла Таала да мээримин төкпөйт.

16-хадис

Жарым курма болсо да садака бергиле.

17-хадис

Кимде-ким мусулман бир тууганына жардам берсе, Алла Таала ага да жардам берет.

18-хадис

Кимде-ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ишенсе, кошунасына жакшылык жасасын.

19-хадис

Адепсиздиктен сактангыла! Анткени, Алла Таала адепсиздикти жакшы көрбөйт.

20-хадис

Намаз – диндин тиреги.

21-хадис

Дуба мээримдүүлүктүн ачкычы.

22-хадис

Бейиштин ачкычы – намаз. Ал эми намаздын ачкычы – даарат.

23-хадис

Өзүңө да, башкаларга да зыян кылба!

24-хадис

Алланын ысымын айтпастан көп сүйлөбөгүлө! Анткени, Алланын ысымын оозго албай туруп сүйлөй берүү – бул жүрөктүн катуулугу.

25-хадис

Дүнүйөгө кызыкпа, Аллага жагасың. Адамдарда бар нерсеге көз артпа, адамдарга жагасың.

26-хадис

Аллага ишенем деп айткын жана түз жүр!

27-хадис

Өзүңөргө каалаган нерсени башкаларга да кааламайынча толук момун боло албайсыңар.

28-хадис

Ислам беш нерсеге негизделген: Алладан башка кудай жок жана Мухаммад Алланын элчиси деп күбөлүк берүү; Беш маал намаз окуу; Рамазан айында орозо тутуу; Зекет берүү; Ажылыкка баруу.

29-хадис

Дин – бул насыйкат.

30-хадис

Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору.

31-хадис

Ыйманыңарды: «Лаа илааха иллаллах» менен жаңылап тургула!

32-хадис

Бейиш – энелердин таманы астында.

33-хадис

Сенин эң чоң душманың – напсиң.

34-хадис

Эки чоң сыйлык бар, адамдардын көбү анын баркын билишпейт. Булар: ден-соолук жана бош убакыт.

35-хадис

Адам баласынын ар бири ката кетирет. Бирок алардын эң жакшысы – тообо кылган киши.

36-хадис

Жүрөгүндө кыпындай текебердик бар адам бейишке кирбейт.

37-хадис

Ачуулануу – шайтандан, шайтан болсо оттон жаратылган, от болсо суу менен өчүрүлөт. Ошондуктан, ачуулансаңар дароо даарат алгыла.

38-хадис

Кимде-ким кайгы-капасын унутуп, бир гана акыреттин кайгысын ойлосо, Алла Таала анын дүйнөлүк кайгы-капаларын жок кылат. Кимде-ким дүйнөнүн кайгы-капасын ойлой берсе, Алла анын кайсы жерде өлүп калышына маани бербейт.

39-хадис

Эки жүздүүлүктүн үч белгиси бар: Жалган сүйлөйт, сөзүнө турбайт жана аманатка кыянаттык кылат.

40-хадис

Кимде-ким билип туруп менин атыман жалган хадис чыгарса, Тозоктогу ордуна даярдана берсин!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE