Үйлөнө турчу кыздарга кеңештер🌹
🌹Ынтымакта жашоо үчүн эркек үчүн дагы, аял үчүн дагы сабыр керек♥
🌹Ынтымакта жашоо үчүн кыйынчылыктарга чыдап, «меники туура» дебеш керек, бул ынтымаксыздыкка жол ачат.
🌹Тажрыйбалуу мусулман бир эненин кылымдар мурда кызына айткан насааты♥
Туулуп өскөн, жылдар бою ичинде жашаган бир уядан чыгып, чоочун жерге барасың, сен али табият-мүнөзүн жакшы биле элек бир адам менен жашайсың♥
Сен ага жер бол, ал сага асман болсун♥
Сен ага үй бол, ал болсо үйдүн тиреги болсун♥
Сен ага күң бол, ал сага кул болсун♥
Сүйүүсүн азайтпооң үчүн ага кыйынчылык тарттырба♥
Сени унутпоосу үчүн андан узак калба♥🌹!
🌹Сенден башкасын көрбөөсү үчүн, сенден башканын жытын албоосу үчүн анын көзүн, кулагын, мурдун жакшы коргооң керек, сенден дайыма жакшы нерселерди уксун♥
🌹Үйүңдө отур, үй жана кол ишмердигиң менен алек бол♥!
🌹Тамак-аш, кийим-кечеден эмне алып келип берсе ага канаат кыл, тиги-муну алалбайбыз деп эч качан даттанба♥!
Күйөө акысын өз акыңан мурда көр♥!
Күйөөңдүн туугандарынын акысын да алдыда карма♥!
Тартип жана тазалыкка дыкат бол♥!
Коңшулар менен ынтымактуу мамиледе бол, алардан келе турчу кыйынчылыктарга сабыр кыл♥!
🌹Айрыкча, кошуналар арасында сөз ташыба! Ушак-айыңдан алыс бол! Намаздарыңды маалы кирер замат оку♥!
🌹Төмөндөгү кат тажрыйбалуу бир эненин кызына жазган насыятынан алынды♥
Кызым🌹
Азыр сага кырк жылдык үй-бүлөлүк тажрыйбама таянып кээ бир насааттарымды айтамын. Буларды сактай турган болсоң дүнүйөдө бактылуу өмүр сүргөндөй эле акыретте дагы түбөлүк бакытка жетесиң♥
1- Канаатчыл бол! Күйөөң алып келген тамак-аш, кийим-кече, бардык нерсени ыраазычылык менен кабылда! Себеби, канаат көңүлдү тынчтыкка бөлөйт♥
2- Сага айтылган нерселерди дайыма жакшы тыңдап, күйөөңө баш ий♥!
3- Үйүң жана бардык нерсең таза, тартиптүү, иреттүү болсун♥!
4- Жолдошуңдун тамактануу жана уйку саатына дыкат болууң керек! Себеби, ачкалык кишинин мүнөзүн бузат, уйкусуздук болсо ачуулантат.
5- Үйүңдүн мал-оокатын жакшы корго! Кылган ишиңди, жакшылыктарыңды колко кылба! Жакшылыкка карата кылынган жакшылык тез унутулат, бирок, жамандыкка карата кылынган жакшылык унутулбайт.
6- Күйөөңдүн жакындарына карата жакшы мамиледе бол! Күйөөңдүн каталарын ал жалгыз кезде, жумшак түрдө айт♥!
7- Күйөөңдүн сырларын эч кимге айтпа! Аял менен күйөөнүн сырлары кабырга бирге көмүлүүсү керек♥
8- Жолдошуңдун кайгы-кубанычын бөлүш! Ага бардык жагынан жакшы өмүрлүк дос бол! Жалгандык – уяны ичтен бузган курт.
9- Ортоңордогу маселелерди өзүңөр чечкиле! Буларды бизге жана башкаларга ташып баруудан сактан! Эч кимден медет күтпө.
10- Күйөөңөн алууда кыйналып кала турчу, күчү жетпей турчу нерселерди талап кылба!
11- Аялдын жакшы мүнөздүүсү – жолдошуна Бейиш ниматы. Сен күйөөңө Бейиш бол. Азап тарттырба!
12- Буларды орундай алууң анын каалоолорун өз каалоолоруңа, анын ыраазылыгын өз арзууңа тандооң менен мүмкүн болмокчу. Дайыма өз каалоолоруңду алдыңкы планга чыгара турган болсоң бул насааттарымды сактооң мүмкүн болбойт.
13- Беш маал намазыңды шарттарына ылайык түрдө окубай турган болсоң бул ансыз деле жамандык катары күйөөңө да, балдарыңа да жетет. Беш маал намаздын туура болуусу үчүн гусул-даарат дагы туура алынуусу керек. Булардын дагы пайдасын көрүүң үчүн итикадың (ишенимиң) туура болуусу керек. Туура ишеним – ахли сүннөт ишеними. Баарынан мурда буларды үйрөнгүлө жана орундагыла. Эгер булар силерде бар болсо калган бардык нерсе убагы менен түзөлөт.

















































