Пример HTML-страницы

Жубайлык мамиле 

https://kyrgyzcha.site/?p=59289&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Жубайлык мамиле

 

Жубайлардын жашоосундагы жыныстык мамиле сөз кылууга арзыган маселелердин бири. Жашоодогу ар бир жубай муктаж боло турган керектүү иш. Эгер бул нерсе оңтоюна түшсө, калган маселелер да жолун таап кете берерине мүмкүнчүлүк ачылат. Жубайлардын мамилесине киришүүгө даярдыктар керек:

 

1. Жасануу. Атыр-жыттуу болуу. Жубайлардын ар бири экинчисине жага тургандай болуп жасанууга, тазаланууга, колдон келген зыйнатын көрүүгө тийиш. Колдон келген, көңүлдү тарта турган назик кийимдерди кийинүү, чачтын жасалгасы, ар кандай жасалгалар, косметиканын түрлөрүн колдонуу даярдыкка кирет. Экөөнөн башка эч ким жок болгондуктан ар кандай узун-кыска, жеңил-жука кийимдерди кийингенге уруксат берилет. Ооз-мурундун тазалыгына кам көрүү, дененин сымбатуулугун сактоого аракет кылуу милдеттүү. Аял киши чачынан башка денесиндеги (колдорундагы, буттарындагы ж.б.) түктөрдү кетирүүсү максатка ылайыктуу. Кашты терүүгө болбойт. Аял киши ушунун баарын күйөөсү үчүн гана аткарууга милдеттүү. Эркек дагы ушундай эле даярдыктарды көрөт. Эрден эшек үркпөйт. Эркек аялдан эмнени кааласа, аял дагы эркектен ошол эле нерсени каалайт. Эркек мурутун кыскартып, өзүнөн эркектерге таандык жакшы атырдын жыты келип, дене-бою таза болуусуна кам көрүүсү зарыл.

 

2. Бири-бири менен болгон учурда кийимдерин чечкенге уруксат берилет. Жука шейшеп менен жамынып алуулары жетиштүү болот. Мүмкүн болушунча үстүлөрү ачык болбошу кажет. Эркек аялдан, аял эркектен толук ырахатын көрүүгө укуктуу. Кээ бирлер мамиле учурунда да такыбалык кылам деп, кээ бир кийимдерин чечпей коёт. Такыбалык бул учурда, кийимдерин чечүү эсептелет.

 

3. Эркелетүү. Эркелетүүгө өбүшүү, бири-биринин дене-мүчөлөрүн сылап ырахатка батыруу, кучакташуу, жылуу сөздөрдү сүйлөө сыяктуулар кирет. Эркек-аялдын фантазиясына, кыял-чабытына орун берилет. Качан жубайлар даяр болушканда экинчи баскыч, мамиленин өзүнө өтүшөт.

 

Жубайлардын мамилесинин адептери:

 

1. Кошулуудан мурда «Бисмиллахты» айтуу, жана кошулуу дубасын окуу. «Бисмиллаахи, Аллоохума жанниб-наш шайтоона, ва жанни-биш шайтоона маа розак-танаа». Пайгамбарыбыз (алайхис салам) : «Ким ушул дубаны окуса, андан соң перзенттүү болсо, шайтан бул балага зыян жеткире албайт» деген (Бухарий, Муслим).

 

2. Эркек аялына камкордук менен мамиле жасоосу зарыл. Шашпоосу керек. Өзүн гана ойлогон өзүмчүлдүктөн арылуу милдеттүү. Марага чогуу жетүүгө аракет керек.

 

3. Айрыкча жубайлар ортосундагы алгачкы түн келечектеги бакытка карай ачылган эшик, уютку болуп калуусу керек. Көңүлдөрдү оорутуп калуудан сактоо зарыл. Бул согуш, же мелдеш талаасы эмес. Бул жубайлардын мамилеси. Жеңиш экөөнүкү тең болуусу керек.

 

4. Эркек-аял мамилесинде ар кандай ыкмаларды колдонууга шариятыбыз уруксат берет. Болгону жубайлар өздөрүнө ыңгайлуу ыкмаларды табууга, бири-бирине көмөктөшүүгө милдеткер.

 

5. Эркек жана аял, айрыкча эркек атайын дарыгерлердин, адистердин кеңешин алып, жубайына жагымдуу маанай, көңүл көтөргөн төшөк жыргалын тартуулаганга аракет кылуусу абдан зарыл.

 

6. Айыз учурунда, нифас көрүү мезгилинде аялы менен күйөөсү жыныстык мамиледе боло албайт. Бирок бири-биринен башка жолдор менен (өбүшүү, кучакташуу ж.б.,) пайдаланууну тыйбайт.

 

7. Кандай гана ыкмада кошулбасын аялдын алдыңкы гана авретине кошулууга уруксат берилет. Арткы авретке кошулуу арам. Ага эч убакта жол берүүгө мүмкүн эмес.

 

8. Боюнда бар учурда кошулса болот. Бирок ыңгайлуу абалдарды эске алуу зарыл.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE