Сөзүбүздө гана мусулман болбостон

https://kyrgyzcha.site/?p=43056&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сөзүбүздө гана мусулман болбостон, ишибизде да мусулман бололу бир тууган!

Европанын бир университетинде окуп жаткан мусулман бала мусулман эмес бир кызга ашык болуп, аны менен жолуга баштаган экен.

Үйүнө келип ата-энесине бул кабарды угузганда баланын атасы “Мусулман эмес келиндин мага кереги жок.

Аныңды кулагыма угузба!” деп кесе айткан экен.

Эмне кылаар айласын таппай калган бала Европадан үйүнө “Ата, эгер ал мусулман болсо сизге келин боло алабы?” деп телефон чалат, бир тике ойлоно калган атасы “Ооба” деп жооп берет.

Сүйүнүчү койнуна батпаган жигит кыздын үйүнө учуп-күйүп жетип келип “Сүйүнчү, биз үйлөнмөк болдук, сен мусулман болсоң эле атам макул болом деди.

Бол эми, келмени айтып мусулман боло кал, мен атама телефон чалайын.

“Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Мухаммад Анын элчиси.” дегенин эле жетиштүү мусулман болууга.” деп сүйүнүчү ичине батпай энтиге, кызды өзүнө бекем кучактады.

Бир четинен сүйүнө, бир четинен кабатыр боло түшкөн кыз “Айтып койсом эле мусулман боло албайм го? Мага Ислам тууралуу китеп, анан убакыт бербейсиңби ал китептерди окуп бир чечимге келгенге? Келмени айтып коюп эле мусулман болдум дегеним туура эмес болуп калат го?” деп жигитти жалбаруу менен карады.

Ал канчалык келмени эле айта салып жигиттин өмүрлүк жары болууну кааласа да, кандайдыр бир ички сезим анын шашпай иш кылуусун талап кылып туруп алды.

“Макул, окусаң оку, эртең алып келем китептерди.” деген жигит ичинен “Ооба кичине дин тууралуу окуса жаман болбос атам сынаш үчүн бир нерселерди сураса, шакылдата жооп берсе, ого бетер ыраазы болуп батасын берээр” деп эртеси тапкан китептин баарын кызга алып келип берди.

Күндөр өтүп кыз Ислам тууралуу китептерди кызыгуу менен окуп да бүттү, ал гана эмес башка китептерди таап аларды өздөштүрүүгө жетишти.

Жигиттин үйүнө кайтчу убагы жакындап, ал келип кыздын эшигин какты. Хижаб кийген, жупуну кийинген кыз эшигин ачканда ал таанылгыс болуп калган эле.

Бала жылмая “Жаным мусулман болдуңбу?” – деп бактылуу көздөрүн кыздын жүзүнө такады, кыз көзүн ала кача “Ооба болдум.

Тиги сен берген китептердин баарын окуп чыктым, бирин да калтырган жокмун, көп нерсени түшүндүм, көп нерсени кабылдадым, бирок мен сага турмушка чыгууга макул эмесмин.

Кыскасы мен сага турмушка чыга албайт экенмин” – деп эшигин жаба баштады, чочуп кеткен жигит “Кой эми тамашаңды, ушинтип да тамашалайсыңбы кел эми” – деп кызды кучагына алгысы келди, анын колдорун чечкиндүү түрткөн кыз “Сен нике кыйылбаган аялды кучактамак тургай, андай аялга кол тийгизүүгө укугун жок экенин билбесиңби?

Зынакорлор кайда болоорун билбейсиңби же эмне сен мусулман эмессиңби?” деп үнүн кайратуу чыгарып “Коё тур!” – деп шаша үйүнө кирип кетти.

Бир аздан кийин толтура китепти алып чыгып балага карматып

“Ме, эми сен барып мусулман парзын окуп, билип кел ошондо мен сага турмушка чыгууга даярмын.

Мен окуган китептер боюнча сенин кылган амалдарыңдын бири да мусулмандын амалына окшобойт экен.” деп эшигин жаап алды.

Бир тууганым, мусулман боордошум.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️