Пример HTML-страницы

КАДР КЕЧЕСИНДЕ ОКУЛА ТУРГАН НАМАЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=59864&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=КАДР КЕЧЕСИНДЕ ОКУЛА ТУРГАН НАМАЗ=

Кадр кечеси 4 рекет намаз окулат. Биринчи рекетте Фатиха сүрөөсүнөн кийин 3 жолу Кадр сүрөөсү; Экинчи рекетте Фатиха сүрөөсүнөн кийин 3 жолу Ихлас сүрөөсү окулат. Үчүнчү жана төртүнчү рекеттер ушул сыяктуу болот. Намаздан кийин бир жолу төмөнкү Такбир, Ташрик окулат.

《Аллоху акбар, Аллоху акбар Лаа иллаха иллаллоху валлоху акбар, Аллоху акбар ва лиллаахил хамд》.

Мааниси: «Аллах улуу, Аллах улуу. Андан башка ибаадат кылууга татыктуу Зат жок. Аллах улуу, Аллах улуу, мактоо Ага гана таандык》 деп окулат.

Андан кийин жүз жолу Кадр сүрөөсү окулат.

《Биссмиллахир рохмаанир рохиийм》. 《Инна анзалнааху фии лайлатул кадр. Ва маа адроока маа лайлатул кодр. Лайлатул кодри хайрум мин алфи шахр. Таназзалул малааикату вар рууху фийха би изни роббихим мин кулли амр. Салаамун хия хатта матлаъил фажр》.

Мааниси: 《Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Акыйкатта биз аны (Куранды) Кадр кечеси түшүрдүк. Кадр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадр түнү миң айдан да артыгыраак. (Ал түнү) Аллахтын буйругун аткаруу үчүн (асмандан) жерге Периштелер жана Жабраил (а.с ) түшөт. Ал кечеде таң атканга чейин тынчтык, амандык болот》.

Жана жүз жолу Инширох сүрөөсү окулат.

《Биссмиллахир рохмаанир рохиийм》. 《Алам нашрох лака содрок. Ва ва зоънаа ъанка визрок. Аллазии ъанкозо зохрок. Ва рофаънаа лака зикрок. Фа инна маъал усри юсроо. Инна маъал усри юсроо. Фа изаа фарагта фансоб. Ва илаа роббика фаргоб》.

Мааниси: 《Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын》. 《Биз сенин көкүрөгүңдү ачпадыкбы? Жана сенин үстүңдөгү оор жүктү алып салбадыкбы? Ошол жүк сенин жонуңду басып турган эле жана сенин атыңды көтөрбөдүкбү? Акыйкатта кыйынчылыктын артынан жеңилдик (келет). Чындыгында кыйынчылыктын артынан жеңилдик (келет), эгерде (намаздан) бошосоң (дубага) кириш. Жараткан Эгеңе жалбар》.

Жана 100 жолу Кадр дубасы окулат.

《Аллохумма иннака афуввун Кариймун тухиббул афва фаъфу аннии》.

Мааниси: 《Аллахым! Албетте сен кечирүүчүсүн. Кечирүүнү жакшы көрөсүң мени да кечиргин》.

 

Анас(розияллоху ъанху) Пайгамбарыбыз (саллалоху ъалайхи ва саллам) дан риваят кылат:»Кадыр кечесинде Жабраил (ъалайхис салам) периштелердин бир тобу менен келип,олтурган де турган абалда Алланы зикир кылып жаткан адамдарга рахмат дубасын кылат.Ал эми орозо айт күнү Алла Таала Өзүнүн кулдары үчүн периштелердин алдында сыймыктанат (себеби периштелер адам жаралганда:»Булар күнөө кылышат»-деп аларды сынга алышкан эле). Соң Алла Таала:»Эй,периштелерим! Өз ишин толук аткарган пендеге эмне сыйлык?»-деп сурайт.Ошондо периштелер:»Ошол пендеге иш акысы толук берилсин!»-деп жооп беришет.Алла Тааладан жооп болот:»Эй, Менин периштелерим! Менин пенделерим Мен милдеттендирген өкүмдөрдү аткарышты жана Менден дуба сурашып айт окуулучу жерге келишти.Менин урматыма жана улуулугума,кечиримдүүлүгүмө жана улуктугума касам! Мен алардын дубасын сөзсүз кабыл кыламын.Андан кийин аларга карап Алла Таала:»Баргыла! Силердин күнөөңөр кечирилди жана күнөөңөр жакшылыкка алмаштырылды»,-дейт.Адамдар (айт окуулучу жерден) күнөөлөрү кечирилген абалда кайтып кетишет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE