Пример HTML-страницы

Аялдар керемет зат.

https://kyrgyzcha.site/?p=58600&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«`Аялдар керемет зат.

Аллах аял затын жаратууда 6 күн тынбай эмгектениптир.Аллахтын жанынан бир периште өтүп бара жатып,мындай суроо узатат:

—Сен бул пендени жаратууда,эмнеге көп убакытыңды короттуң?

Аллах жооп берди:

—А сен көрдүңбү,мен муну жаратууда көптөгөн милдеттери менен кошо жаратып жатам.Бул аял заты ар түрдүү 200 дөй кыймылга ээ болуп,жана ал кыймылы күн сайын алмашып турушу керек.Түркүн тамактарды жасаганга жетишип,бир эле учурда бир нече баласын кучагына алышы заарыл.Эң негизгиси бул нерселердин баарысын ал болгону эки колу менен жасайа алат.

Периште таң калып

—Болгону эки колу мененби?мүмкүн эмес.Ушуга көп убакытыңды коротосуңбу.Токтот эртең деле бүтүрөсүң да.

—Жок- деп жооп берди Аллах.-Мен негедир бул эмгегимди бүтүрүүгө ушунчалык жакынмын дейсиң,жана бул менин чын дилимден сүйүп жасаган эмгегимдин бири болот.

Бул аял заты ооруп калса эч кимге айтпай өзү сакайып,жана чарчабастан 18 саат иштей алат.

Периште жакын келип аялды камап көрдү да:

—Бирок Аллах,сен аны ушунчалык назик кылдыңбы?

—Оа ал аябай назик-деп жооп берди Аллах.-Аны менен кошо мен аны күчтүү да кылдым.Сен бул аял затынын аткара турган түгөнгүс түйшүгүн элестете да албайсың.

—А бул аял заты ойлоно алабы?

—Бул ойлонгонду гана эмес,туура чечим чыгарганды да билет.

Периште капысынан аялдын көзүнөн тамчы жашын көрүп:

—Аллах карачы ал эзилип жатат,сен ага өтө эле көп оордук берип койгон жоксуңбу?

—Жок,ал эзилген жок,бул анын көз жашы

Периште ойлонуп:

—А бул көз жаш эмне үчүн керек-деп сурады

—Ал бул көз жашы менен өзүнүн кайгысын,жалгыздыгын,жан дүйнөсүнүн жараланганын,кубанычын жана сүйүүсүн билгизе алат.

—Бул деген керемет-деп периште таң калды-Аллах сен ушундай акылдуусуң,сен баарын ойлоп табыпсың.Аял заты бул чынында эле өзгөчө зат.Сен айткандарыңдын баарысы туура.

Аял затында эркектерди өзүнө багындыруучу укмуштуудай күчү бар,жана бул күчтүн астында эч бир эркек туруштук бере албайт.Алар баардык азаптарга чыдап,бул дүйнөнүн оор жүгүн өздөрүнүн мойнунда көтөрө алат.Алар бизге бакыт жана сүйүү тартуулайт.Өздөрүнүн жан дүйнөсүн мээримин бүтүндөй өз үйбүлөсүнө арнашат.Алардын сүйүүсүн сөз менен айтып жеткизе албайсың.Алар жакындарынан айрылып,жүрөктөрү жараланса да,өздөрүнө күч топтоп бул жашоосун уланта берет.

 

Силер да бул катты өздөрүңөрдүн жакындарыңарга,эжелериңерге,өздөрүңөрдүн кичүү карындаш,сиңдилериңерге окуткула.Алар да өздөрүнүн эң керемет жана кайталангыс зат экенин билишсин.

Жана да бул катты тааныш мырзаларга окуткула.Алар да аял затынын кандай зат экенин билип,аларга аяр мамиле жасап урматтоону унутушпасын!!!!«`

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE