Пример HTML-страницы

Баланызга ысым коюдан жанылбаныз.

https://kyrgyzcha.site/?p=36047&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Балаңызга ысым коюуу да жаңылбаңыз!

 

АКШнын окумуштууларынын изилдөөсүнө көз чаптырсак: адам баласынын ысымы анын жашоосуна чон таасирин тийгизет.

Бул ачылышты алар «Психологиялык феномен» деп аташты. Ысым анын ой жүгүртүүсүн, кыймыл аракетин, ийгилигин түзөт.

Алардын айтымы боюнча сейрек кездешкен ысымдын ээлери мектепте өзү теңдүүлөрдүн жанында өзгөчөлөнүп турушат.

Киийн бой жеткенде алар өз теңдүүлөрдөн 26% көп киреше табышат.

 

Шейх Чубак ажыдан бир ооз:

 

Биринчиси: Ата-эне өзүнүн баласынын, кызынын, перзентинин атын өтө кооз көркөм жана мусулманча кылып коюусу керек. Айрыкча биздин кыргыздарда ат койгондо өтө аша-чаап кеткен учурлар кездешип калат. Ээрчиме эл болуп ошол ээрчимелигибиз ат койгондо дагы калбайт. Мисалы үчүн Итибай, Күчүкбай, Тешебай деген аттарды дагы коюшат. “Эмне минтиң?” – десең, “Эптеп ошол тешедей болуп адамдарга жарап жүргөн болсо ошол болот. Итибай, Күчүкбай ошондой күчүктүн баласындай жүрсө деле болот” – дешет. Айтор ушуга окшогон аттарды коюшат. Ат койгондо адам өтө бийик маанилерди ойлонуп жакшы адамдардын, пайгамбарлардын атынан коюсу керек болот. “Эптеп эле болсо болду. Эл арасында жүрсө болду” — деп эмес, жогорку деңгээлди алыш керек. Ал эмес биздин элибизде туура эмес түшүнүк бар. Чоң аттарды койсо, атты көтөрө албай калды деп туура эмес түшүнүктү айтышат. Атты көтөрө албай калды деген сөз жок! Ал туура эмес түшүнүк. Көтөрөт! Аттын баардыгы жакшы. Пайгамбарыбыз: “Пайгамбарларынын аттарынан койгула. Ошондой эле Абдурахман, Абдулла деп койгула”- деген. Жакшы аттар бар. Демек ата-эне ат тандаш керек. Анан кээде ат койгондо мусулманча эмес аттарды коюп, мисалы үчүн Марсель деп коёт. Башка деп коюп алышат. Эми ошол дин суздап турган убакта коюлуп калган аттар. Айтор ата-эне баласына атты тандап эң жакшы мааниси бар, эң бир көркөм, бала уялбай турган деңгээлдеги аттар коюлуусу кажет.

 

Ысым тандоонун мааниси:

 

Манас, Бакай – күч—кубат берген ысым, ээсин дайыма алга сүрөп турат. 20-кылымда ата-бабалар каргаша урат, бул ысымды балам көтөрө албайт деп аталган аттарды ыйгаруудан карманчу;

 

Бурул, Жаңыл, Уулбү, Уулжан – жалаң гана кыздар төрөлгөн маалда кыз ордуна уул бала берсин деген максатта коюлган аттар;

 

Токтобүбү, Токтосун, Бучук, Сасыкбай – элдин көзү өтпөсүн, назары түшпөсүн деген кыязда балдары токтобогон ата-эне коюучу ысымдар;

 

Майрамкүл, Майрамбек, Жеңиш, Жакшылык – майрам күнү төрөлгөн наристеге берилүүчү ысымдар болуп келген;

 

Калыгул, Анара, Анарбек, Калия, Нурай – денедеги калдан, анардан, нурдан арылуу максатында коюлат;

 

Элчибек, Элмырза – элге карамдуу, жарамдуу, кызмат кылган адам болсун деген ниеттеги ысымдар;

 

Тунук – жашоосунун төрт тарабы тең айтылгандай таза, келечекке карай жолу шыдыр жана ачык болсун деген ниетте берилет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE