Пример HTML-страницы

Вакцина алган адамда 10 жылга жете тургандай иммунитет жаралат

Акыркы жанылыктар

TurmushЭл арасында ар кандай түшүнүктөрдөн улам вакцина алуудан баш тарткандар бар. Ат-Башы районундагы иммунолог дарыгер Назира Миназарова эмдөө анын ичинде европалык эмдөө жумалыгы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, европалык эмдөө жумалыгынын негизги максаты — калктын арасында эмдөөнүн маанилүүлүгү, вакциналардын пайдасы жана вакциналар аркылуу башкарылуучу жугуштуу оорулардын санын, ошол оорулардан келип чыккан кабылдоолор, майыптыктар жана алардан улам келип чыккан өлүм көрсөткүчтөрүн азайтуу болуп саналат. Учурда республика боюнча эмдөөнүн календарына ылайык кызамык, кызылча тепки, шал жана башка ушул сыяктуу 12 жугуштуу ооруга каршы алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлүп келет. Европалык эмдөө жумалыгынын дагы бир чоң максаты – диний көз караштагы эмдөөдөн баш тарткан жарандарыбызды алардын наристелерин эмдөөгө тартуу.

«Бул жарандарыдын эмдөөдөн баш тарткандыгын бир себеби аларга вакциналар жөнүндө маалыматтын аздыгы болууда. Ошол себептен вакциналардын курамы жөнүндө бир аз түшүнүк бере кетейин.

Негизи эле вакцина деген эмне? Бул жугуштуу ооруга иммунитет жаратууга багытталган медициналык иммунобиологиялык каражат. Вакцина алган балада, чоң адамда 10 жылга жете тургандай иммунитет жаралып, ал балага же чоң адамга оору жукса дагы жеңил өтөт.

Вакциналарга кошулуу заттар бул адъюванттар же иммундук жооптун иштелип чыгышын күч өндүрүүчү заттар (алюминий тузу), антибиотиктер-вакцина үчүн ткандын клеткаларын өстүрүүдө аларды бактериалдык булгануудан сактоо үчүн колдонулат. Консерванттар бул стабилизаторлор же турукташтыргычтар вакциналарды бузулбай туруктуу белгилүү мөөнөткө чейин сактоо үчүн кошулат. Айтылып жаткан алюминий тузу, ошол консерванттар биздин күнүмдүк пайдаланып жаткан тамак-аш азыктарында, балдар жакшы көрүп ичип жаткан ар кандай ширелердин коробкаларын өндүрүүдө кеңири пайдаланып келет. Биздин өлкөдө пайдаланып жаткан вакциналар коңшу өлкөлөрдө, ошол ислам өлкөлөрүндө дагы элге жардамы тийүүдө.

Дагы бир айта кетчү жагдай ушул тапта республикабыздын түштүк аймагында, Чүй областынын ичинде жаш балдардын кызамык оорусу менен ооруган учурлары көп катталууда. Азыркы күндөгү ички жана тышкы миграцияда ал ооруну жуктуруп алуу коркунучу абдан чоң. Себеби ушул эле диний көз караштагы жарандарыбыздын арасында кызамыкка каршы сайылуучу вакциналардын баш тарткандар көп болууда. Эмдөө менен шал, суу чечек (натуральный оспа), кептөөр сыяктуу оорулардын чыгышын алда канча азайтып, алардын улам пайда болуучу майыптыкты дээрлик жеңдик десем жаңылышпайм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE