Пример HTML-страницы

ДОЛЛАР ГҮЛҮ..

https://kyrgyzcha.site/?p=60420&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ДОЛЛАР ГҮЛҮ..

Байлык чакыруучу гүл деп баары жакшы көргөн тыйын гүлүнүн жалбырагы сыздоокто, жарада, тытылып кеткен жерди калыбына келтирүүдө, учукту жана чорду кетирүүдө колдонулуп келет.

Сыздоокто жана тытылып кеткен жерди калыбына келтирүүдө:

3-4 жалбыракты майдалап ботко жасайсыз. Боткону марлиге ороп, ооруган жерге басып 3-4 саат кармайсыз да, кайра жаңыртасыз. Бул ыкманы бат-баттан кайталап турсаңыз, эффективдүү натыйжасын берет.

Учукту дарылоодо:

тыйын гүлүнүн 2-3 жалбырагынын ширесин сыгып алып, учук чыккан жерге сүйкөп турасыз. Ангина кармап, тамагыңыз кычышып ооруганда да сууга тыйын гүлүнүн ширесин аралаштырып оозду чайкасаңыз, ангинадан бат арыласыз.

Муундарыңыз какшап ооруганда:

муун оорусуна тыйын гүлүнүн ширесин күнүгө кечинде сүйкөп жүрүү жакшы жардам берет. Аары, чиркейлердин чагуусунан пайда болгон шишиктерди тыйын гүлүнүн ширеси менен күнүгө 5-6 ирет сүйкөп турсаңыз, натыйжасы жакшы болот. Ашказан жана он эки эли ичегинин оорусунда: элдик дарыгерлер ашказанында жарасы барларга жана гастрит менен ооругандарга күнүнө бир маал тыйын гүлүнүн эки жалбырагын тамактанарга бир саат калганда аябай майда чайнап жеп турууну сунушташат.

Бөйрөк ооруда:

5 даана жалбыракты тазалап, аябай майдалап эзип туруп, үстүнө 50 грамм кайнаган суудан куюп бир саат тыныктырасыз. Андан кийин бир күндө 3 ирет 1 аш кашыктан тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз. Тамандын чорунан арылууда: жалбырактын жука катмарын сыйрып туруп чор болгон жерге басып таңып саласыз. Бул ыкманы чор кеткиче колдоно берсеңиз болот.

Окуп жана бөлүшүңүз,мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE