ҮЙ ИШТЕРИН КЫЛЫП ЖҮРГӨН АЯЛДАР ОКУСУН!

https://kyrgyzcha.site/?p=66250&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🏠 ҮЙ ИШТЕРИН КЫЛЫП ЖҮРГӨН АЯЛДАР ОКУСУН!

 

Али(р.а)бул окуяны баяндаган: <<Фатима(р.а) Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын эң сүйүктүү кызы болот эле. Ар дайым колдору менен будай өткөрүп,суу ташып, үй шыпырганда кийими чаң болот эле. ♻️ Бирде Аллахтын элчисине(с.а.в)кулдар жиберилди. Мен Фатимага (р.а): Атаңа барып үй чарбасына жардамдашуу га бир кул берүүнү сурасаң кандай болот?-дедим. 🌀 Ал Пайгамбарыбызга(с.а.в)келгенде ал адамдар менен сүйлөшүп олтурганын көрүп, кайра үйгө кайтат. Кийинки күнү Аллахтын Элчиси (с.а.в) өзү үйгө келип:

Кызым бир нерседен чарчап жүрөсүңбү?-деп сурады. Фатима (р.а) унчукпады.

 

Мен сөзгө аралаштым:

Пример HTML-страницы

Оо, Аллахтын элчиси (саллаллоху алейхи ва саллам)!

Мен сизге баарын айтып берейин дедим:

Сизге кулдар келгенин билген соң ага сизден үй чарбасына жардам берүү үчүн бир кул суроого кеңеш бердим. Ошондо ал кыйындыктардан кутулат эле. 🟢 Ошондо Пайгамбарыбыз(саллаллоху алейхи ва саллам) Фатимага(р.а): Оо, Фатима! Аллахтан корк , анын буйруктарын милдеттүү түрдө аткар,үй чарбасын адал аткар. Уйкуга жатар алдында 33ирет»Субханаллах»,33ирет»альхамдулиллах»,34ирет»Аллоху Акбар» деп айт.

Ошондо Аллахты мактоо жүзгө жетет.

Бул сага кулдан алда канча артык- деди. ♻️ Ошол аңгемеден кийин Пайгамбарыбыз(саллаллоху алейхи ва саллам)жардамчыга эч кимди жибербеди>> (Абу Дауд,хараж,19-20) 🌸 Чындыгында үйдө ар бир ишти Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасаңыз, үйүңүздү жыйнап, тазалап гана койбой сооп амалды да жыйнап аласыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️