Набаа сүрөсү

https://kyrgyzcha.site/?p=66876&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

78-Набаа сүрөсү🌹♥

Бул сүрө Мекке шаарында түшкөн, 40 аяттан турат. Пайгамбарыбыз (САВ) Аллах Таала тарабынан алып келген кабарлар арап тилинде «Набаа» деп аталат. Бул кабарлардын акыйкат экенине далилдер канчалык көп болгонуна карабай көпчүлүк мушриктер ага ишенишкен эмес жана бири-бирине: «Мухаммад айткан нерселер жалган болуш керек-э? Сен эмне дейсиң?» – деген сыяктуу күмөндүү суроолорду беришкен. “Набаа” сүрөсү ушул окуяларды чагылдыруу менен башталат.

🌹♥بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ

عَمَّ يَتَسَاءلُونَ (1)

عَنِ النَّبَإِ الْعَظِيمِ (2)

الَّذِي هُمْ فِيهِ مُخْتَلِفُونَ (3)

Пример HTML-страницы

كَلَّا سَيَعْلَمُونَ (4)

ثُمَّ كَلَّا سَيَعْلَمُونَ (5)

أَلَمْ نَجْعَلِ الْأَرْضَ مِهَادًا (6)

وَالْجِبَالَ أَوْتَادًا (7)

وَخَلَقْنَاكُمْ أَزْوَاجًا (8)

وَجَعَلْنَا نَوْمَكُمْ سُبَاتًا (9)

وَجَعَلْنَا اللَّيْلَ لِبَاسًا (10)

وَجَعَلْنَا النَّهَارَ مَعَاشًا (11)

وَبَنَيْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعًا شِدَادًا (12)

وَجَعَلْنَا سِرَاجًا وَهَّاجًا (13)

وَأَنزَلْنَا مِنَ الْمُعْصِرَاتِ مَاء ثَجَّاجًا (14)

لِنُخْرِجَ بِهِ حَبًّا وَنَبَاتًا (15)

وَجَنَّاتٍ أَلْفَافًا (16)

إِنَّ يَوْمَ الْفَصْلِ كَانَ مِيقَاتًا (17)

يَوْمَ يُنفَخُ فِي الصُّورِ فَتَأْتُونَ أَفْوَاجًا (18)

وَفُتِحَتِ السَّمَاء فَكَانَتْ أَبْوَابًا (19)

وَسُيِّرَتِ الْجِبَالُ فَكَانَتْ سَرَابًا (20)

إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتْ مِرْصَادًا (21)

لِلْطَّاغِينَ مَآبًا (22)

لَابِثِينَ فِيهَا أَحْقَابًا (23)

لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرْدًا وَلَا شَرَابًا (24)

إِلَّا حَمِيمًا وَغَسَّاقًا (25)

جَزَاء وِفَاقًا (26)

إِنَّهُمْ كَانُوا لَا يَرْجُونَ حِسَابًا (27)

وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا كِذَّابًا (28)

وَكُلَّ شَيْءٍ أَحْصَيْنَاهُ كِتَابًا (29)

فَذُوقُوا فَلَن نَّزِيدَكُمْ إِلَّا عَذَابًا (30)

إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ مَفَازًا (31)

حَدَائِقَ وَأَعْنَابًا (32)

وَكَوَاعِبَ أَتْرَابًا (33)

وَكَأْسًا دِهَاقًا (34)

لَّا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا كِذَّابًا (35)

جَزَاء مِّن رَّبِّكَ عَطَاء حِسَابًا (36)

رَبِّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا الرحْمَنِ لَا يَمْلِكُونَ مِنْهُ خِطَابًا (37)

يَوْمَ يَقُومُ الرُّوحُ وَالْمَلَائِكَةُ صَفًّا لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ الرحْمَنُ وَقَالَ صَوَابًا (38)

ذَلِكَ الْيَوْمُ الْحَقُّ فَمَن شَاء اتَّخَذَ إِلَى رَبِّهِ مَآبًا (39)

إِنَّا أَنذَرْنَاكُمْ عَذَابًا قَرِيبًا يَوْمَ يَنظُرُ الْمَرْءُ مَا قَدَّمَتْ يَدَاهُ وَيَقُولُ الْكَافِرُ يَا لَيْتَنِي كُنتُ تُرَابًا (40)

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен🌹♥…

1. Алар бири-биринен эмне жөнүндө сурап жатышат?

2. Улуу Кабар жөнүндө.

3. Алар ал жөнүндө кайчы пикирде болушкан.

4. Жок, алар жакында билишет!

5. Жок, жок! Алар жакында анык билишет!

6. Биз силерге жерди жайылган төшөк кылып койбодукпу?!

7. Тоолорду казык

8. жана Биз силерди жуп-жуп кылып жаратпадыкпы?. (30:21)

9. Уйкуңарды эс алуу үчүн бердик.

10. Түндү силерге жамынуучу кылдык.

11. Күндүздү тиричилик үчүн жараттык.

12. Жана силердин үстүңөргө бекем жети кабат асманды куруп,

13. ысык-нурлуу чыракты (Күндү) жараттык.

14. Анан дагы булуттардан нөшөрлөгөн жамгыр жаадырдык,

15. дан азыктар менен өсүмдүктөрдү чыгарып берүү үчүн,

16. жана да калың бак-дарактарды.

17. Албетте (бардык нерсе) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.

18. Ал күнү сурнай тартылат. Анан силер топ-тобуңар менен (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.

19. (Кыямат күн башталганда) асман ачылып, эшиктер (пайда) болот. (84:1); (69:16)

20. Ал эми тоолор сапырылып, закымга айланат! (27:88); (101:5); (20:105-107); (18:47)

21. Албетте, тозок буктурма болуп, олжосун күтүп турат.

22. Ал – чектен чыккандардын бараар жайы!

23. Алар ал жерде кылымдар бою калышат.

24. Ал жерде салкынды сезишпейт жана суусундукту да татышпайт.

25. Болгону сасыган ириң менен кайнап турган суу ичишет.

26. Бул – кылган күнөөлөрүнө ылайык жаза!

27. Анткени, алар (Акыреттеги) эсеп-китепке ишенишкен эмес,

28. Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.

29. Биз ар бир нерсенин эсебин тактап жазып койгонбуз.

30. «Эми, жазаңарды таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!» – (деп айтабыз).

31. Ал эми, такыбаа адамдарга ийгилик жана бактылуулук бар,

32. бакчалар менен жүзүмзарлар,

33. бир курактагы толукшуган үр кыздар,

34. анын үстүнө (даамдуу «Рахийк» шарабы менен) мелт-калт болгон чөйчөктөр бар. (38:52); (56:17-18,37)

35. Ал жерде куру сөздөр менен жалган кептерди угушпайт.

36. Булар – Раббиң тарабынан берилген сыйлыктар!

37. Асмандар менен жердин жана алардын арасындагы бардык нерселердин Эгеси – Мээримдүү Аллах. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт. (2:255); (11:105)

38. Ошол күнү Рух (Жабрейил периште) жана башка бардык периштелер сап-сап болуп турган кезде, Мээримдүү Аллах уруксат бергендер гана сүйлөй алышат жана чындыкты гана айтышат.

39. Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды жасап) Раббисине кайтып баруучу жолго түшөт.

40. Биз силерге жакында келе турган азапты эскерттик. Ошол күнү адам баласы өз колу менен жасаган мурдагы иштерин көрөт. Ошондо каапыр адам өкүнүп: «Аттиң, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсамчы!» – дейт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️