Пример HTML-страницы

Жылдыздардан жазгы сулуулук учун кеңеш.

ЖЫЛДЫЗДАРДАН ЖАЗГЫ СУЛУУЛУК УЧУН КЕНЕШ

 

 

Жаз келип аба ырайынын алмашышы менен терилер түлөп жагымсыздыктар башталат. Алар менен үй шартында күрөшүү эң натыйжалуу экенин жылдызы жанган сулуулар өз кеңештеринде айтып беришти.

 

Жумагүл Райымжан кызы:

https://kyrgyzcha.site/

 

– Жаздын күнү көчөгө чыгып келгенден кийин нак майлуу айрандан кичине чыны аласыз. Укропту майда туурап, айранга аралаштырып бетке жабасыз да, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска беттин ысыгын тартып, кургаган терини нымдаштырат. Укроп болсо бетти азыктандырат.

 

Айдана Дека:

https://kyrgyzcha.site/

 

– Көп үтүктөлүп, ар кандай боёкторго күйгүзүлүп боёлгон чач кургап, алсыз болуп калат. Ага жан берүү оңой, ал үчүн уйгак майы менен кастор майын кошуп аралаштырып чачка жабуу керек. Бир сааттан кийин жууп койсо, чач кайраттуу, жылмакай болуп чыга келет. Аталган майлар чачты азыктандырат.

 

Азур:

https://kyrgyzcha.site/

 

– Жазында күндүн нурунан улам бетке ар кандай тактар түшөт. Ал тактардын алдын алуу үчүн бир аз лимонго бетке арналган бет май, аспириндин майдаланган эки таблеткасын кошуп жакшылап аралаштырып бетке маска жабуу керек. Бул маскадагы аспирин тактын түшүүсүнүн алдын алат. Маскадан соң бетке кадимки С витаминин сүйкөп койсо беттин нымдуулугу сакталат.

 

 

 

Асел Касымова:

https://kyrgyzcha.site/

 

– Капуста же сабиздин ширесине кошулган май — кирпик үчүн табылгыс азык. Капустанын же сабиздин 1 чай кашык ширесине 1 чай кашык уйгак же зайтун майын кошуу керек. Даяр болгон аралашманы кирпикке жеңил укалоо кылуу менен сүртүү пайдалуу.

 

Неля:

https://kyrgyzcha.site/

 

– Жаздын күнү ашыкча салмактан кутулуу көпчүлүккө маселе. Ал үчүн адам күн сайын 2 литрге чейин суу ичүүсү шарт. Ар бир тамактанардын алдында 2 стакандан суу ичүү жолу менен ашыкча салмактан арылса болот. Эртең менен ойгонор менен 2 стакан суу ичүү ички органдардын иштөөсүн жакшыртат жана организмди тазалайт. Сууну күндүзү көбүрөөк, кечинде азыраак ичкен туура болот.

 

 

 

Азалия:

https://kyrgyzcha.site/

 

– Жарым аш кашык балга ушунча эле өлчөмдөгү зайтун майын аралаштырып, колго маска кылып жаап 20 мүнөттөй тындыруу керек. Анан колду жылуу суу менен жууп саласыз. Кол жумшак, назик болуп калат. Нак сүт менен колду сүртүп туруу да терини жылмакай кылат.

 

Айпери Суранчиева:

https://kyrgyzcha.site/

 

– Эриниңиз дайыма жумшак жана жылмакай болушун кааласаңыз, кечинде кадимки вазелинди сүртүп, жарым сааттан кийин тиш жууган щётка менен эринге жайдан бир нече мүнөт укалоо жасаңыз. Бул укалоо эриндин үстүңкү катмарындагы өлгөн терилерди түшүргөнгө жардам берет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE