Turmush — «Тарых инсаны» рубрикасынын бул жолку каарманы Жумгал районунан чыккан Кошой уулу Бакы ажы жөнүндө болмокчу. Ал тууралуу аймактык кабарчы иликтөө жүргүзүп көрдү.
- Кошой уулу Бакы ажы 1877-жылы Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында туулган. Саяк уруусунун, Мурат уулу уругунан болгон. Кытайдан жана Сауд Арабиядан билим алганы, Баш-Куугандыда 3 бөлмөлүү медресеси болуп, ошол жерде балдарды динге тарбиялап окутуп, башка айылдарды кыдырып дагы окутканы айтылат.
7 аялынын бирөө сокур болгон
(Небереси Гүлнабүбү Бакиеванын айтымында):
«Анын 7 аялы болгон дешет. 7 боз үй тиктирип, баарына бирдей караган. Арасында 3 балалуу жесир аялы жана сокур аялы да болуптур. Соопчулук үчүн үйлөнгөн.
Бакы атанын төртүнчү аялынан Ажыманбет, Алманбет, Алиса, Сабира деген 4 балалуу болот. Аны 7 боз үйдүн башына «тукум чачкан байбичем» деп, боз үйүн эң башына тиктирген экен.
Анан жанагы сокур аялына кийинки күндөштөрү тамагына кум салып жедирип коюшуп ооруп калат. Бакы ажы табып киши болгондуктан эки жакка көп чыгып, оорулууларды карап, же суранычтары менен барып дарылап келчү экен. Ошондо баягы сокур кемпирине «Кел байкушум, сени тойгузуп кетейин. Мен кеткенде тамак жебе» деп өзү отуруп, шорпого нан туурап берип, кийимдерин которуп, «Байкушум, эми мен келгиче жетет. Бул томпокту жээктеп бассаң кичинекей булактын суусу бар суусасаң ошондон ичип, үйдөн чыкпай отура бер» деп кетчү экен.
Бакы ажы уулдары Алманбетке да, Ажыманбетке да дубалардын баардыгын үйрөтүп, 30-парча куран бут жаттатыптыр. Бирок совет өкмөтү динге каршы болгондуктан чочулап, экөөнү тең мугалимдик кесипке окугула деп айтат.
Согуш учуру башталганда (Бакы ажы совет бийлигинин курмандыгы болгондон кийин) Алманбет тылда калып, Ажыманбет согушка кетет. Ажыманбеттин жубайы Мариямбүбү болгон. Ажыманбет согушка кетип жатканда Мариянын боюнда калыптыр. Боюнда калганы да кыз төрөлүп Аскербүбү коюшат. Бирок ал кичине кезинде эле чарчап калат.
Марияга «жүрү сага арабча үйрөтөйүн, тамга таанып ал» десе ал керели-кечке Бакы ажынын оорулууларына чөп кайнатып 40 казандын башынан чыкчу эмес экен. Ооруган эл көп болуп чарчап, «жок сен эле окумуштуу бол, кичине уктап алайынчы» деп болчу эмес дешет», — деди ал.
Адам каны суудай аккан, кандуу заман келе жатат
Кой-козу, тай алып келгендер болчу экен. Керээли-кечке ичеги артып, чөп кайнатып бошобогон келиндер бир күнү ичеги-карындарды сууга агызып ийишет. Бакы ата ошону байкап калып, келиндерин, кызмат кылган окуучуларын чогултуп, «Силер кесир кылып, малдын ич эттерин сууга ыргытып жатасыңар. Айтчуларым айтып келишти. Түш көрдүм — сууда ичеги аккандай, адам каны аккан, кандуу заман келе жатат, кесир кылбагыла балдарым. Айылга жөнөткүлө эл жесин. Жок дебесе ит жесин. Мына ушул барчылыкка бир топ зар боло турган тагдырыңар бар дептир».
Кийин Мария апа 3 баласы менен Ажыманбетти согушка узатып ал кайтпай жесир калганда кайнатасынын олуя кептери кулагына жаңырып, «Атам ушу заманды айткан тура. Ошондогу эт, сүт, нан көздөн учту го чиркин. Канча өкүнүп ыйладым» деген экен», — деди ал.
Мекенге кайтканда бир аз кор болуп калаар бекенсиң…
(Иманаалы уулу Жанузактын айтымында):
Ырсаалы деген олуя менен Сауд Арабиясына ажылыкка барышкан экен. Бара жатканда Кеминден Шабдан баатыр ажылык сапарына бараткандарды коноктоп, аттарын эс алдырып узатканын маалымдашат. Меккеге барып ажылык парзын аткарган соң, Ырсаалы ажы «бул жерде кал» десе, «аялым жүдөөрөөк, балдарым да жаш» деп Бакы ажы атабыз макул болбоптур.
Ошондо Ырсаалы ажы «андай болсо бул жерге мени өз колуң менен жашырып, жаназама туруп кет» деп, өлө турган күнүн мындай деп сыпаттаптыр. «Кыбыладан бир үзүктөй кара булут чыгат. Ошондон кийин күн себелеп кетет. Мен ошондо кетем» деп айткан экен. Анан Бакы ажы ошол кишинин айтканын аткарыптыр. Ырсаалы ажы өлөөр астында «мекенге кайтканда бир аз кор болуп калаар бекенсиң, шейит болосуң» деп айтыптыр. Кор болуп дегени, бийлик динге каршы күрөшүп, атабыз көп жолу камалган күндөр болуптур», — деди ал.
Сен кереге-уукка байланып, кутуруп өлөсүң
(Чөбөрөсү Эркинбек Алманбетовдун айтымында):
Ал жөнүндө орус бийлигине «бул адам чоң молдо, эл анын сөзүн угат, эл ээрчиткен адам» деп бир киши маалымат берген экен. Бир күнү Бакы атабыз көчөдө ат минип кетип бара жатканда, орус солдаты менен берки маалымат берген киши экөө келе жатып, атабыздын аркасынан чакырса, Бакы ажы алигин албаптыр. Анткени ошол маалда ажыга барып келген адамдын артынан салам берген кишинин алигин алчу эмес экен. Ошондо солдат мылтыгын аркасына туштай атканда Бакы ата аттан кулап түшүптүр. Солдат жакын келип, бул кандай киши болду экен деп караганда, «Жүзүм каапырды көрбөсүн. Колуң сенек болуп калсын» деп камчысы менен тартып алган экен.
Ал эми жанагы Бакы атам жөнүндө орустарга маалымат берген кишини «Сен кереге-уукка байланып, кутуруп өлөсүң» деген экен. Айткандай эле кийин ошол киши керегеге байланып, кутурган иттей болуп, кажынып жатып өлгөн дешет.
Алманбет ата, районго белгилүү чоң молдо болгон. Ажымамбет ата согушка кетип ошол жактан кайтып келген эмес», — деди ал.
(Чөбөрөсү Зулпукор Алманбетовдун айтымында):
«Бакы ата ажынын сабаттуулугун бир жерин белгилей кетиш керек. Кайырмалык досунун козун май басып кеткен кезде, Россияга алып барып козун операция жазатып келген дешет», — деди ал.
Келиниңерге жин кириптир, азыр дуба окудум
(Чөбөрөсү Эркинбек Алманбетовдун айтымында):
Бир жолу Кочкор тарапка жыйынга барган экен. Жолдун боюндагы бир боз үйгө баш багып, анын сыртындагы байланган келинди көрөт. Ошондо Бакы атабыз, баягы келинге дем салып, дуба окуп, жиптен чечип бошотот. Өзүнө келген келин дароо кебетесин оңдоп, чай кайнатып кирет. Көп өтпөй боз үйдүн ээлери баягы келин бошонуп качкан экен, кантип чырмалган жиптен чыгып кетти деп, ызы-чуу менен чуркап келишет. Баягы келиндин боз үйдө чай берип жатканын көрүшүп аң-таң калышат. Ошол жерде Бакы ата боз үйдүн ээсине «Келиниңерге жин кириптир, азыр дуба окудум. Эми келе жатканда дагы бир жолу дуба окуйм, ошондон кийин толук тазаланат» деп айтып, чындыгында сапарынан кайтып келе жатканда баягы келинге дуба окугандан кийин толук айыккан экен.
Жашоонун кызыгын карасаң, уулу Алманбет Нарын тараптан келе жатып, жолдон ооруп, сапар улантканга шайы келбей калган кезде, бир үйгө жолоочу болууга мажбур болот.
Айыл ичиндегилер сураштырып, Бакы ажынын уулу экенин билишет. Бул кишинин чоо-жайы баягы жин кирген келиндин үй-бүлөсүнө жетет. Ошондо баягы боз үй ээси келип, Алманбет атаны өз үйүнө алып кетип багыптыр. «Менин кызымды айыктырган кишинин баласы экенсиң, эми мен карызымдан кутулдум» деген экен.
Атабыз динди бекем кармаганынын бир белгиси эл бузулуп кетет деп, бозону тыйган. Бозо салгандардын челектерин чагып, айыпка жыкчу экен. Айылдагы бозо салган бир адамды билип калып, жонуна 25 ирет камчы менен чапкан экен.
Бакы атабыз айтыптыр, мен учкандын дубасын билип, бирок конгондукун билбей калыптырмын деп», — деди ал.
Бир баштык толо алтын, күмүш көмдүргөн
(Небере келини Абас Ибраим кызынын айтымында):
«Илгери ачарчылык убагында элди чогултуптур. Ал кезде ууру күч болуп турган кез экен. Ошондо ортого ташты коюп ар бир кишиге коңтортуп, ким кой уурдаса ордуна жок дегенде улак, серке болсо да бергиле, торпок уурдаса ордуна кичирээк мал бергиле күнөөңөр кечирилет деп, көп адамдардын малын кайтартып берген дешет.
Бакы атабыз өлөөрүнө аз калганда, балдарын чогултуп, төөнүн өркөчү толо алтын, күмүш салынган баштыкчаны үйүнүн артына тайыз каздырып туруп, балдарынын көзүнчө көмдүртүптүр. Кийин Бакы ата кайтыш болгондон кийин, баягы жерди казышса эч нерсе жок экен. Балким атабыз, көрөгөчтүк кылып, балдарым байлык талашып ынтымагы ыдырабасын деген таризде ушундай кадамга барганбы»,- деди небере келини.
7 күн өткөндөн кийин мүрзөсүн каздырып…
(Жанузак Иманаалы уулунун айтымында):
«Болжолдуу айтылыштарга караганда 1931-жылы диний көз карашы үчүн куугунтуктап, орустардын солдаты аткан. Кызыл-Туу (Ак-Чий) тараптан атылып, шахид болгон жана ошол жерге сөөгү коюлуп калган. Арадан бир жума өтүп-өтпөй ошол кездеги Куйручук «мындай аттуу баштуу адамдын сөөгү өз жерине коюлуш керек» деп, 7 күн өткөндөн кийин коюлган мүрзөсүн каздырып, (казып жатканда кабырда нур болуп, Бакы ажынын денесинен кан дагы деле агып турган дешет) ордуна кара койду салышкан. Баш-Куугандыдагы Кожояр молдо баш болуп, төө менен Бакы ажынын сөөгүн Баш-Куугандыга алып келип, жашыруун түрдө коюшкан экен. Ороп алып келген кепини канга чыланып калган дешет. Ошол кепинди майдадан бөлүп алып, Мурат уулулар тумарга деп алып кетишиптир. Жайына атабыз ажыга кийип барган ихрамына ороп жаткызган экен.
Негизи ал жерди Бакы атабыз мурун эле мен өлсөм ушул жерге койгула деп айткан керээзи бар дешет. Ошол мезгилде, орус бийлигинен корккондуктан айыл эли чогулуп, куран дагы окулган эмес экен.
Ошол мүрзөнүн топурагынын касиеттүүлүгүнөн улам, элдер шыпаа катары алып отуруп, үстүндө топурак калбай калган. Анын топурагын ооруп калган кишиге топуракты сууга чалып ичирип же жуунтуп коюшса, уйдун желини чочуса топурак менен эмдеп койсо кадимкидей шыпаасын берет», — деди ал.
Баш-Кууганды айылында Бакы ажынын урпактары атасына куран окутушту.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.