Каныбек Абдырахманов 13 жашындагы окуядан улам атасынын жолун улантууну чечкен

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын полковниги Абдырахманов Каныбек Кадыркулович Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы кызматын ээлейт.

Ал 1980-жылы 5-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Бает айылында милиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1986-жылы өзү туулуп-өскөн айылдын мектебинин босогосун аттап, 1997-жылы ийгиликтүү аяктаган.

«1993-жылы 13 жашымда атам Кадыркулдан айрылдык. Атам ал учурда Чолпон-Ата РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жүрүп, кызмат учурунда курман болду. Бул жоготуу кабыргамды кайыштырып, бир жагынан чыйралтып, ата жолун улантууну ошол күндөн чечкем.

Окууну аяктаган соң көздөгөн максатыма жетүү үчүн борборду көздөй сапар алып, Бишкек шаарындагы ИИМдин академиясына тапшырып, билим алууну уланттым. Аталган окуу жайды 2002-жылы аяктаган соң, алгач ошол эле окуу жайдын дене тарбияга даярдык кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолумду баштагам», — деди ал.

Каныбек мырза бала кезиндеги өзүнө-өзү берген шертине бекем туруп, 2004-жылы Чолпон-Ата РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуп эмгектенип баштаган.

«2004-2011-жылдары Ысык-Көл облустук ички иштер органдарында жөнөкөй ыкчам кызматкеринен тартып, улук ыкчам кызматкер жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектендим. 2011-2017-жылдары уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкеринен тартып, ошол эле бөлүмдүн башчысы кызматтарын аркалап келдим. 2017-2019-жылдары ИИМдин криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы. 2019-2020-жылдары ИИМдин криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын башчысынын орун басары. 2021-2023-жылдары Чүй ОИИБдин башчысынын орун басары, 2023-жылы ИИМдин күзөт кызматынын башчысы, 2023-2024-жылдары ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштеп келдим. Ал эми 2024-жылдын апрель айынан тартып Чүй ОИИБдин башчысы болуп эмгектенип келе жатам. Ар бир күнү элиме ак жана так кызмат кылсам деп тилейм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️