Нурбек Жунушалиев изи сууй электе кылмыштын бетин кантип ачкан?

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас обулусунун Талас районундагы Кара-Ой айылынын тургуну 35 жаштагы Нурбек Жунушалиев милиция кызматкери болуп иштеп келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Ал 3 бир туугандын кичүүсү. Агасы жана эжеси бар. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

«Талас шаарында төрөлүп өстүм. Атам 6 жашымда каза болуп калган. Апам бизди чоңойтуп, эрезеге жеткирди.

Талас шаарындагы №8 орто мектебин 2005-жылы аяктап, 9-класстын базасы менен 2005-жылы Талас Айыл чарба техникумуна тапшырдым. 2-курсту аяктаган соң өзүмдүн каалоом менен 2007-жылдын 5-декабрында аскердик кызмат өтөөгө кеттим. 2008-жылы ноябрь айында кызматымды ийгиликтүү аяктап келгенден кийин окуумду улантып, 2009-жылы салыктар жана салык салуу адистигине ээ болдум.

2013-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тапшырып, каржы жана насыя адистиги боюнча экономист квалификациясына ээ болдум. 2022-2024 жылдары Кыргызстан эл аралык университетине тапшырып, юриспруденция багыты боюнча магистр квалификациясына ээ болдум.

2016-жылы Талас облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук кызматынын кенже сержант наамы менен жумуш жолун баштагам. 2018-жылы Талас шаардык нөөмөт бөлүмүнүн милиционер айдоочусу, 2022-жылдан тартып Талас РИИБдин милициянын аймактык тескөөчүсү болуп, Нуржанов айыл аймагынын Жон-Арык айылында ушул жылдын июнь айына чейин эмгектенип келдим. Азыркы учурда Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө эмгектенем», — деди ал.

Ал кызмат учурундагы кызыктуу окуясын айтып берди.

«Милиция болбогондо коомдо ар кандай жаман окуялар болуп, башаламандык орун алмак деп ойлойм. Мисалы бизде ар бир күнү ар кандай иштерге туш болуп каласың.

Бир жолу патрулдук кызмат учурунда базардын тегерегинде жүргөнбүз. Базар жабылып, эл жумуштан үйлөрүнө кетип жаткан маал. Ошол маалда жемиш саткан эже «сумкам жок» деп ызылдап, ары-бери чуркап калды. Барып, «ким өттү эле» деп сурадым. Ал болсо «чака менен бир эже өткөн» деди. Мен ошол замат чака менен бара жаткан аялды издеп жөнөдүм. Ал эжени таап, «чакаңызды көрсөтүп койсоңуз» деп сурандым. Ал эже болжолдуу 60 жашка таяп калган эже эле. Карасам, чын эле ичинде сумка бар экен.

Көрсө, сатуучу жемиштерин жыйнап жаткан кезде анын сумкасын чакасына салып уурдап кетиптир. Ошентип ыкчам иш-аракеттин жыйынтыгында ошол жерден узабай эле кылмыштын бетин ачканбыз. Улгайган эле аял ушинтип уурдап кетиптир деп өзүм да таң калгам.

Дагы бир окуя эсимде. Бир киши дайынсыз жоголду деп таң атпай Чаткалга издөө иштерине чыктык. Түнкү саат 23:00гө чейин тоону кыдырып, Таласка чейин жеткенбиз», — деди Нурбек Жунушалиев.

Бул кесипке байкелеринин кеңеши менен келип калган.

«Бул кызматты жакын байкелеримдин акыл-насааты менен тандап калдым. Азыркы учурдан пайдаланып, аларга терең ыраазычылык билдирем. Мага милициянын формасы, жүрүм-туруму кичинекей кезимден бери эле жагат.

Катардагы иштеп жаткан бардык милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм. Сиздердин араңыздарда мекенге кызмат өтөп жатканыма кубанычтамын», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️