Нарында кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленип, бир катар кызматкерлер сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын райондук ички иштер бөлүмүндө кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Нарын РИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары Медина Султаналиева билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чараны Нарын РИИБдин башчысы Кубанычбек Тукеев ачып, сыйлыктарды тапшырды.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Нуридин Мадимаров кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин куттуктап, «Ормон Хан» төш белгисин Кубанычбек Тукеевге, Медина Султаналиевага жана Эрулан Усеиновго тапшырды. Ошондой эле бир катар кызматкерлер ардак грамота жана алкыштар менен сыйланды.

Нарын районунун прокурору Дөөлөтбек Суранбеков Нарын райондук сотунун судьясы Куштарбек Маматовду жана Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Сыдыкбековду жана бир канча кызматкерлерди прокуратура органдары менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн ардак грамоталарды тапшырды.

Нарын ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Шайлообек Мамаев Нарын районунун милициянын ардагерлерине ИИМдин медалдарын тапшырды.

Салтанаттын соңунда, кызмат учурунда курман болгон Шарше Мамбетовго арналган фото стенд көргөзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️