Кочкордо кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган салтанатуу майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чараны Кочкор РИИБдин башчысы Искен Базаркулов ачып, бир катар милиция кызматкерлерине ИИМдин медалдарын, наамдарын тапшырды.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Баялы Досалиев бир катар милиция кызматкерлерин жана ардагерлерди райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйлады.

Иш-чарада Кочкор райондук соту Өмүрбек Сарыбаев, Кочкор районунун прокурору Марат Осмонов, Улуттук коопсуздук кызматынын Кочкор району боюнча жетекчиси Марат Исаевич, аскер комиссариатынын башчысы Урмат Осмоналиев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары милициянын 100 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Кочкор райондук ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Турат Иманкулов милициянын ардагерлерине ИИМдин төш белгилерин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️