Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Жубайларда жаш айырма канча болушу керек.

https://kyrgyzcha.site/?p=35846&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖУБАЙЛАРДА ЖАШ АЙЫРМА КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК? ??????????

 

«Кайгыга салдың агаңды картайган кезде жолугуп»деп Раймалы сыздагандай, коомчулукта жубайлар ортосундагы жаш айырмачылык кызуу талкууга алынып келет. Күйөөсү улуу болсо да эч нерсе эмес, аялы улуу болуп калса, талкуунун таш майданында калды дей бериңиз. Жаш айырмачылык жубайлардын жашоосуна кандай таасир берери тууралуу «Paradise Sun» психологиялык жардам берүү борборунун психологу Айзада Танаева жооп берет.

 

ТЕҢ ЖЕ БЕШ ЖАШКА ЧЕЙИНКИ АЙЫРМАЧЫЛЫК

Жубайлардын ортосундагы 5 жашка чейинки айырмачылык психологияда идеалдуу шайкештик делинет. Күйөөсү аялынан же аялы күйөөсүнөн улуу-кичүү болгону мааниге ээ эмес. Анткени экөөнүн жаштыгы, өспүрүм курагы бирдей атмосферада өттү. Кызыкчылыктары, ал тургай көргөн кинолору, уккан музыкасы, кийинүү стили да бирдей.

 

ЖАКШЫ ЖАГЫ

Сексуалдык жактан бирдей деңгээлде болушат. Негизи адамдар 40 жашка чейин акыл жагынан да, физиологиялык жактан да өнүгүп-өсүп турган учур. Ошондуктан бул түгөйлөрдө бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгү жогору.

 

ЖАМАН ЖАГЫ

Талаш маселе жаралса бири-бирине баш ийгилери келбейт. Амбициялары бийик «сен андай кылсаң, мен мындай кылам»деген нерседен көп уруш чыгат. Бири-бирине жол бербей тентек улактардай көпүрөдө тура берүү көп кезигет.

 

КЕҢЕШ

Эркектерге: Аялыңыздын кызыкчылыгын да эске ала жүрүү керек. Мисалы, балдарды багуу, үй-тиричилик аялдын гана иши эмес, кээде ал дагы көңүлүн ачып туруусу керек. Аялдарга: Күйөөңүздүн кайсы бир себеп менен жумуштан кеч келишин же сизге өтө көңүл бурбай жатканын түшүнүү менен кабыл алыңыз. Бири-биринин мүнөзүнө түшүнүү менен карап, артка чегингенди билүү кажет.

 

6-15 ЖАШ АЙЫРМАЧЫЛЫК

 

Аялы күйөөсүнөн 6-15 жаш улуу болгону – кыргызда чанда кезикчү көрүнүш десек болот. Мындай аялды тандаган мырзалар энесинен мээрим аз көргөн же энесинен эрте айрылган болушу мүмкүн. Алар энеден албай калган мээримди, камкордукту, түшүнүүнү улуу аялдан издешет жана таба алышат.

 

ЖАКШЫ ЖАГЫ

Аялдар өзүнөн кичүү мырза менен турмуш курганда физиологиялык, психологиялык жактан катуу жашарышат. Өзүнүн экинчи өмүрүн сүрүп жаткандай, жаңыланууда болушат. Эркек да аял тараптан жылуу мамилени, камкордукту сезип, өзүн чыныгы мырза катары сезе баштайт. Башкача айтканда, чоңоёт. Мындай союзда экөө тең өзүнө керектүү нерселерди таба алышат.

 

ЖАМАН ЖАГЫ

Баары бир жаштык деген жаштык. Эркек бардык жагынан толуп турган учуру, ал эми аялдын физиологиясында төмөндөө жүрүп, темпераменти басаңдай баштайт. Андан улам өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болот. Эркек мындай учурда коомдун талкуусунан көбүрөөк чүнчүйт. Бирок жеңип кетүүгө мүмкүн болгон маселе.

 

КЕҢЕШ

Аялдарга: Жакшы жашап кетүү үчүн өзүңүздүн улуу экениңизди баса көрсөтүп, күйөөңүздү катуу көзөмөлдөбөңүз. Эркектерге: Аялыңыздын улуу экенине басым жасабай, анын дайыма жаш, сулуу экенин айтып мактап турганыңыз оң.

Пример HTML-страницы

 

Күйөөсү 6-15 жашка улуу болгон учур да кєп кездешет. Негизи түгөй тандоодо кичине кезиндеги тарбия, ата-энесинин ага болгон мамилеси да таасир этет. Өзүнөн улуу эркекти тандаган кыздар атасы менен апасы ажырашып кетип же каза болуп, айтор, ата мээримин көрбөй калган кыздар болушу мүмкүн. Алар материалдык жана моралдык жактан эркектен коргоо издешет.

 

ЖАКШЫ ЖАГЫ

Бул окутуучунун жана окуучунун союзу десек болот. Күйөөсү улуу болсо, аялына акыл айтып, кайсы бир деңгээлде тарбиялап, өзүнүн мүнөзүнө карата калыптандырып алат. Аял болсо өз учурунда жолдошуна жаштык, өзүнө ишеним, жашоосуна жаңы көз карашты алып келет. Мындай никеде өз ара түшүнүшүү болсо, көпкө созулат.

 

ЖАМАН ЖАГЫ

Эркекте жаш аялдын каалоолорун толук канааттандыра албай жатам деген коркунуч пайда болот. Аялдын эркиндигин чектеп, кызганып уруш чыгарышы мүмкүн.

 

КЕҢЕШ

Аялдарга: Күйөөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Аны ар түрдүү сынап ого бетер намысына тийгенден алыс болуңуз. Эркектерге: Жаш аялыңызды көрүнгөндөн коруй берсеңиз, ого бетер алыстатып аласыз.

15-20 жаштан ары улуу болгон учурлар да кезигет. Мындай союзда көп учурда материалдык кызыгуу чоң роль ойноп кетерин психологдор айтып келишет. Эгерде эркектин же аялдын материалдык жагы акcап калса, тез эле ажырашууга алып келиши мүмкүн.

 

НУМЕРОЛОГДУН МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Нумерологдор жаш айырмачылыкка мындай мүнөздөмө беришет (аялы же күйөөсү кичүү-улуу маанилүү эмес).

1 жаш. Чечим кабыл алганга экөө тең чапчаң болуп, мыкты шайкештикти түзүшөт.

2 жаш. Романтиктердин союзу. Жубайлардын ортосу тез эле сууп кетиши мүмкүн. Канча аракет кылышса да үйдө акча турбайт.

3 жаш. Эмоция аябай көп болуп, жубайлар бири-биринен тез чарчап калышат.

4 жаш. Сүйүү жана достукту камтыган гармониялуу союз.

5 же 10 жаш. Бул нумерологияда ийгилик алып келе турган сан. Экөө тең ийгиликке жетишип, никедеги балдар лидер болуп чоңоюшат.

6 жаш. Жубайлар урушууга дайыма даяр болушат. Мындай учурда бири-бирине жеңилип берүү пайдалуураак.

7 жана 14 жаш. Бул сан магиялык күчү бар сан. Катуу сүйүшүшөт, эгер бири-биринен кол үзүшө турган болсо, өтө оор кабыл алышат.

8 жаш. Чексиз бактылуу болушат. Түшүнүшүү менен коштолот.

9 жаш. Мындай түгөйлөр жаш баланы элестетишет. Экөөнүн бири бала кыял болуп чыга келиши мүмкүн.

11 жаш. Уруш-талаш көп боло турган сан.

12 жаш. Бейишке да, тозокко да орун бар. Бири-бирине жөлөк да, каршылаш да боло алышат.

13 жаш. Мүнөздөрү келишсе, бир топ убакыт чексиз бактылуу боло алышат.

15 жаш. Кимиси улуу болсо, атанын же эненин ролун аткарат.

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE