Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

ЖОЛДОШУМ ТАШТАП КЕТТИ ДЕЙСИЗБИ?

https://kyrgyzcha.site/?p=21923&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖОЛДОШУМ ТАШТАП КЕТТИ ДЕЙСИЗБИ?

 

?️ ТАШТАП КЕТСЕ ЭМНЕ ЭКЕН?

Таштай берсин. Кете берсин. Сүйүү эмеске таарынып болобу?Таштап кетсе эле өзүңүздү

▪️таштанды сездиңизби?

▪️эч кимге керегим жок деп ойлодуңузбу?

▪️мени эч ким сүйбөйт дедиңизби?

▪️мындан ары бактылуу боло албайм деп өзүңүздү ишендирдиңизби?

 

?️ ЭЧ КАЧАН

▪️ күйөм сүйсө бактылуу болом,

▪️бирөө жакшы мамиле жасаса өсөм,

▪️жакшы сөз айтса жашарам деп жашабаңыз. Бирөөдөн сүйүү күтпөгөгөнүбүз жакшы. Себеби бүгүн сүйгөн адам, эртең сүйбөй калашы мүмкүн. Алардын арасында сиз дагы болуп калышыңыз мүмкүн. Адам бакытты бирөө сүйгөндө гана эмес, башкаларды сүйө билгенде да сезе алат. Сүйүүнү күтүп талап кылган сайын, сүйүү сизден кача берет.

 

?️АР ДАЙЫМ ӨЗҮҢҮЗДҮ «ЖОК» ДЕГЕН ЖООПКО ДАЯРДАП ЖҮРҮҢҮЗ.

Мисалы: бирөөгө жакшы сөз айтып атканда «ал мага жакшы сөз менен жооп бербеши мүмкүн» деп, өзүңүздү ушундай жоопко даярдап жүрүңүз. Бул сизди, сиз күтпөгөн жагымсыз мамиледе көңүл чөгүүдөн сактайт.

 

?️ ЭЧ КИМ БИЗГЕ МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС.

Ошондой эле биз дагы эч кимге милдетүү эмеспиз. Ар дайым өз ордубузду сактоо жана биле жүрүүнү үйрөнгөнүбүз жакшы. Эгер жан дүйнөңүзгө кайдыгер боло берсеңиз анда «жашоом өзгөрөт» деп күтпөй эле койгонуңуз жакшы. Эгер жашооңузда өзгөрүү болбой атса башка бирөө эмес, өзүңүз гана күнөлүү болосуз. Себеби сиз

▪️жол бердиңиз,

▪️басынтууга уруксат бердиңиз,

▪️байландыңыз,

▪️көз каранды болдуңуз,

▪️укуңузду коргогон жоксуз.

Анан кантип эле башкалар күнөлүү боло берсин? Айткым келгени, башкадан айыпты издей берсеңиз анда сиз өзүңүздү

▪️ тааный албайсыз,

▪️таппайсыз,

▪️көп адашасыз,

▪️өспөйсүз,

▪️өзгөрбөйсүз.

 

✅ Эмне үчүн?

Себеби башкаларга

▪️ таарынуу,

▪️кек сактаа,

▪️айыптоо өзүңүздүн жан дүйнөңүздү көрүүгө чоң тоскоолдук жаратат.

Жан-дүйнөңүз үчүн туура азык албасаңыз, өзүңүз туралуу туура ой жүгүртпөсөңүз сиздин жашооңузда өзгөрүү болбойт.

Тескерисинче караңгы ойлорго байланып

▪️ көзү ачыктарга,

▪️табыптарга,

▪️ыссытма,

▪️суутма деген иштерге бара башташыңыз да мүмкүн.

 

Пример HTML-страницы

Кудайга жакпаган иштерди

▪️өзүнө туура баа бере албаган,

▪️өзүн жакшы тааный албай аткан,

▪️өз акылына ишенбеген,

▪️өзүнүн күчүнөн шектенген адамдар жасашат.

 

✅ Ошол үчүн азыркы оор абалыңыз үчүн муңайбаңыз. Бул абал сизди эки эсе күчтүү кылат. Бул факт. Канча деген айымдар өздөрүнүн акылмандуулугу, күчү менен суктандырып келишет. Алар да

▪️ыйлашкан,

▪️чарчашкан,

▪️таарынышкан,

▪️сүйүүгө муктаж болушкан. Бирок алар токтоп калышкан жок. Таштап кеткен күйөсүнөн эки эсе

▪️ бактылуу,

▪️ берекелүү,

▪️баталуу жашагандар да бар.

 

✅ Эмне үчүн бир адамдын сөзүнөн, мамилесинен сиз бактысыз болуп ыйлап жүрүшүңүз керек? Күйөңүздөн башка

▪️ата-энеңиз,

▪️балдарыңыз,

▪️туугандарыңыз,

▪️досторуңуз үчүн жакшы жашоону каалабайсызбы? Бир адамдын чыккынчылыгы үчүн баардык ушул жакындарыңызды кечип коёсузбу? Балдарыңыз үчүн күч кубат болуп «мен көрбөгөн бакытты, сүйүүнү балдарым эки эсе көп көрсүн» деп жашагыңыз келбейби?

 

✅ Бактыңызды, сүйүүңүздү бир эле адамга байлап берип койгонсузбу? Сүйүү эмеске таарынып, жармашып жашоону туура көрүп атасызбы? Сүйүү эмести коё берген жакшы. Сүйүү эмес жашооңуздан кеткен соң, анан сүйүү келет. Ага чейин келбейт. Анткени жүрөгүңүздө орун жок болсо, сүйүү жаныңызда жүрсө да көрбөйсүз, сезбейсиз жана сизди сүйүүгө, башкага жол бербейсиз.

 

✅ ИШЕНИП КОЮҢУЗ.

▪️Сизди сүйгөндөр да бар.

▪️Жакшы сөзүн арнагандар да болот.

▪️Сиз дагы жакындарыңызга керексиз.

▪️Тирүү жүргөнүңүзгө кубангандар бар.

▪️Ачык айтпаса да, сизге жакшына каалагандар бар.

▪️Сизди урматтап, сыйлап ала тургандар да бар.

 

Жашоо уланып атабы демек, жакшы жашоо үчүн аракет кылууңуз керек.

▪️ Өзүңүзгө көп суроо берип, өзүңүздү издеңиз.

▪️Өзүңүздү табыңыз.

▪️Өзүңүздү кемчилигиңиз менен кошо сүйүңүз.

▪️Сүйө албаган адамыңыз, сизди акылга келтирип койгонуна сүйүнүңүз.

Башты көтөрүп, белди бекем бууп, сизди таштап кеткен адамсыз да, бактылуу жашоого мүмкүн экенин билиңиз.

 

✅ МАГА АЙТУУ ОҢОЙ.

Мүмкүн ичиңизден «сага айтуу оңой, мага кыйын» деп атсаңыз керек. Ооба, мен айтып эле коём. Анда сиз «мага кыйын» деп өзүңүздү жалгандан сооротуп өз бактыңызды өзүңүз блокировка кылып жүрө бересизби?

 

«Сага айтуу оңой, мага кыйын » деп кечке өзүңүздү байкуш, алсыз сезүүгө жол бербеңиз. Сизде да зор күч бар экенин, аракет кылган соң ынанып каласыз.

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE