Пример HTML-страницы

Жазында бетиниз кам көрүүгө көбүрөөк муктаж

https://kyrgyzcha.site/?p=21854&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАЗЫНДА БЕТИНИЗ КАМ КОРУУГО КОБУРОК МУКТАЖ

 

Жаз келгени айрымдардын беттери кургап, түлөп, кызыл бүртүкчөлөр чыгып, сепкил түшөт, кээ бирөөлөрдүн мурдунун үстүндө кара тактар пайда болуп, ачуу күндүн нуру бетти тез күйгүзүп ыңгайсыздык жаратат. Андыктан андан арылуунун жолдорун билип алыңыз.

 

 

 

Бетти агартуучу маскалар

 

Лимон маскасы

 

Лимондун жаңы сыгылып алынган ширеси менен бетти сүртсөңүз, ал бетти агартат. Мындан тышкары кара карагаттын, кулпунайдын жана кызылгаттын мөмөлөрүнөн бетиңизге маска жасаңыз. Ал бетти агартуу менен бирге бетке түшкөн сепкилдерден да арылтат. Жогорудагы масканы жатарга жарым саат калганда бетиңизге толук жаап 20-30 мүнөт кармаңыз да, анан жылуу сууга жууп салыңыз. Маскадан соң сөзсүз түрдө бетиңизге бет май сүйкөп коюңуз. Бул маска майлуу беттерге сунушталат.

 

 

 

Быштак маскасы

 

2 чай кашык быштакты 2 чай кашык өзүңүз каалаган өсүмдүктүн же жашылчанын ширесине аралаштырып, ага кичине туз себелеп коёсуз. Даяр болгон соң бетиңизге жаап 5 мүнөт кармап, эми экинчи кабатын шыбайсыз. Маска кургаганда жылуу суу менен жууп, бет терисин нымдаштыруучу бет май колдонуу зарыл. Бул ыкма майлуу беттерге гана сунушталат. Быштак кан айлануу процессин жакшыртып бетти мурунку калыбына алып келет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE