Пример HTML-страницы

Жашыбыз жөнүндө.

https://kyrgyzcha.site/?p=22272&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жашыбыз жөнүндө.

 

7 жаш

 

?Темир канат, жашоого кызыгуусу оттой жанат.Бирде түшүнсө бирде түшүнбөйт атаганат.

 

10 жаш

 

?Оргуп аккан булак,оргуса шоктугун койбойт, ойносо оюнга тойбойт.

 

15 жаш

 

?Жарда ойногон улак, ою да тентек, өзү да тентек, акактай аппак, суудай таза, тилаалчак элпек.

 

20 жаш

 

?Жалбырттаган жалын, алоолонгон от.Жылгадагы жылчык, чабыттагы туйгун.Аш десең ашка тойбойт, иш десең ишке тойбойт.

 

30 жаш

 

?Күчкө толгон курак, күлкү-шат коштоп гүл жыттанып турат.Туйбаганды туят, илебине кан бышат, жанбаганды жангызат, туйбаганды туйгузат.Достун досун тандайт.

 

40 жаш

 

?Кынынан суурулган кылыч. Билек түрүп жерди багат,билими менен, бийлиги менен элин багат. Акылы арууланат, жүрөгү карууланат. Кырчын, чынчыл убагы ушул кез. Элине, үйүнө ай-күн болот.

 

50 жаш

 

?Кой баштаган эркеч. Белге чыккан өмүр.Бийиктикте турат, туйгуларды туят. Турмушту тыңшап, керектүүсүн угат. Күчү толукшуп, акылына акыл кошот, үйрөнө да, үйрөтө да билет.

 

60 жаш

 

?Жайлоодон түшкөн көч. Аркандалган ат. Акылдын чебери, ал-күчтүн кедейи. Жаш курагын самайт, кемчилигин самайт. Баскан издерин калчайып карайт. Өкүнүчүнө таянып, өзүн өзү айайт. Эс акылын иргеп, эл ишине жарайт.

 

70 жаш

 

?Жетелеген төө, желедеги бээ. Сыры түшсө да сыны түшпөйт. Нур чачкан шамга айланат. Акыл таштабаганы жемекой чалга айланат.

 

80 жаш

 

?Жексен жаш. Оң жагы — от, сол жагы — суу.Алды — жар.Аз — аздан алжыганы арманы, кайгырганы. Балдары эстүү болсо, барктап багат, балдары наадан болсо сөгүп кагат.

 

90 жаш

 

?Үбөлөнгөн бор. Жакшыга зор, жаманга кор. Жакшы ак батасын самайт, жаман өлүмүн каалайт. Бар баланын баласына кор экен каарылык деген кашайгыр, моюндап турган шор экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE