Пример HTML-страницы

Жалгыздык адамды эрте карытат

https://kyrgyzcha.site/?p=20408&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жалгыздык адамды эрте карытат

 

Окумуштуулар ар дайым бизди кызыктуу илимдеги жаңы ачылуулар менен кубандырып келет. Бул ирет да Калифорниядагы жогорку окуу жайдын изилдөөчүлөрү энелердин өмүрүн узартуучу жаңы ыкманын ачылшы менен кабардар кылышты.

 

Жалгыздык Кудайга гана жарашат экендиги бул жолу да талашсыз, анткени, жалгыздык карылыкты тездетип, өлүмгө жетелейт. Окумуштуулар  жашы өтүп калган 1 600 адамдын арасында байкоо жүргүзүп, алардын социал-экономикалык  статусуна жана ден соолугуна эмес, жалгыздыгына гана назар салышкан.

 

Изилдөөдөгү 6 жыл аралыгында 23 пайыз жалгыздыкта калган карылар көз жумушкан. Ал эми алардын арасындагы жашы улуулардын 14 пайызынын гана жакындары кабар алып тургандыгы маалым болгон.

 

Адам канчалык улгайган сайын, ошончолук үй-бүлөгө байланып, жакындарынын мамилесине өзгөчө көңүл буруп калат. Андыктан ата-энелерибиз бизге өмүрүн багыштап, ар дайым кеңеш берип, акылынан бөлүшүп турарын унутпай, жанында болууга аракет кылалы. Учурдун талабына ылайык, Кыргызстандагы жаштардын басымдуу бөлүгү сыртка кетип, улуу жаштагылар өлкөдө калышты. Улуулардын жанында боло албасак да бат-баттан телефон чалып, кабар алып туруу, аларга бактылуу карылык тартуулайт.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE