Пример HTML-страницы

ЖАКШЫ АЯЛ ДЕГЕН КИМ?

https://kyrgyzcha.site/?p=39255&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАКШЫ АЯЛ ДЕГЕН КИМ?

 

Биринчи эреже: Жолдошуңузга сизден эс алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Ар бир адамдын жалгыздыкты эңсеген учурлары болот. Бул кадыресе көрүнүш. Эгерде жолдошуңуздун такай өзүңүзгө көңүл буруп туруусун талап кыла берсеңиз, аны дароо эле тажатып алышыңыз мүмкүн.

 

Экинчи эреже: Экинчи жарымыңыздын достору менен жолугушуп туруусуна тоскоолдук кылбаңыз. Аларга ишениңиз. Эркек кишиге досторунун арасында болуу маанилүү, аларга өздөрү кызыккан темада «эркекче» сүйлөшүү кызыктуу. Бул эркекти бир түрдүү жашоодон алаксытат, атүгүл мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин жолдошуңуздун сизге болгон мамилесинин жаңырып калганын байкайсыз. Ал эми «кайда жүрдүң?» «ким менен жүрдүң?» деген сыяктуу суроолор мамилени татаалдантып, ортодогу ишенимге доо кетирет.

 

Үчүнчү эреже: Таптакыр эле момун аял болуп алуу деле болбойт. Психологдор эмоционалдык кагылышуунун үй-бүлөлүк мамиленин бекемдээрин айтып келишет. Андыктан, кээде жолдошуңузду анча-мынча кызганып коюу, чыргоолук кылуу ашыкчалык кылбайт. Бир кылка мамиле, бирдей тондо эле сүйлөшө берүү да кээде адамды тажатат.

 

Төртүнчү эреже: Ар кырк күн сайын аял өзүнүн образын өзгөртүп турууга тийиш. Мындай өзгөрүүлөр жолдошуңузга жаңы сезимдерди тартуулап, анын башка жакты карабашына жардам берет. Андыктан, имиджиңизди кантип өзгөртүү тууралуу ойлонуңуз: балким, чачыңызды башка түскө боёйсуз, балким, өзгөчө бир макияж жасайсыз, же кийимиңиздин өзүңүз көнүп калган түсүн өзгөртөсүз…

 

Бешинчи эреже: Эмне кылсаңыз да өзүңүздүн чындыгыңызды далилдегенге аракет кылбаңыз. Кээде жолдошуңузга атайын эле «жеңилип» берип коюңуз. Муну менен анын үй-бүлөдө орду бар экенин, анын сөзү маанилүү экенин сездиресиз.

 

Алтынчы эреже: Эсиңизде болсун, кээде таттуу калп ачуу чындыктан жакшы болот. Эгерде үй-бүлөнүн тынчтыгын кааласаңыз, кызганычка, талаш-тартышка жана башка жагымсыз көрүнүштөргө себеп болчу чындыкты жашырып эле койгонуңуз оң.

 

Жетинчи эреже: Убакыттын кайсы мезгилинде, кандай абалда келсе да жолдошуңуздун үйгө келгенине сүйүнүңүз. Кызуу болсо да ал башка жакка эмес, сизге келди да. Анан да аны мактагандан аянбаңыз. Кичинекей нерсеси үчүн бүгүн мактап койсоңуз, эртең ал сиз үчүн мындан чоң нерсе жасайт.

 

 

 

 

 

– Жолдошуңуз жалгыздыкты самап калганда эмне кыласыз?

 

Гүлнара Калдарова: – Жолдошум көп учурда иштен келгенде жалгыз болгусу келип калганын байкайм. Анан ал телевизорду жалгыз олтуруп көргүсү келгенин айтат. Андайда мен ага “сени күтүп кечке үйдө олтурдум, бирге бололу да” деген сөздөрдү айтпайм. Аны жалгыз калтырып кызымды ээрчитип алып сейилге чыгып кетем. Бир-эки сааттан кийин биз дагы жакшы маанай менен кирип келебиз, бул маалда жолдошум дагы өзүнө келип, чарчоосу жазылып бизди жакшы тосуп алат.

 

 

 

 

 

– Жолдошуңуздун достору менен жолугушуусуна жолтоо болосузбу?

 

Айнура Салахидинова: – Жолдошумдун достору абдан көп. Ар бир топтогу достору менен бирдей мамиле күтүүсү үчүн ар бирине өзүнчө убакыт табууга туура келет. Ошондуктан, алар менен көп убактысын өткөрүп жүрүп алган учурлары дайым эле болуп турат. Бир жакшы жери, жолдошум саат канчада келем десе ошол убакыттан кечикпей келет. Анын бул тактыгынан улам менин көп суроолорум берилбей калат. Убадасын аткарып жаткандан кийин дагы такый бергенден өзүм эле тартынып калам.

 

 

 

– Кызганычтан жаралган ачууңузду жашыра аласызбы?

 

Гүлмира: – Аял катары биздин мамиледеги ынтымакты сактоого өзүмдү жолдошумдан көбүрөөк милдеттүү сезем. Бирок, айрым учурларда кызганыч деген сезим мага баш ийбей кетет. Эл көзүндөгү адам болгондуктан кайсы жерден кызгансам ошол жерден чаң салып калууга мүмкүн эмес. Ал маалда эмоциямды жашырууга араң чыдайм. Анан үйгө бараарым менен болгон оюмду айтып алып эс алып калам. Негизи мен бул кылганымды туура эле көрөм. Биздин мамиледе менин пикирим дагы эске алынышы керек да.

 

 

 

 

 

– Жолдошуңуз үчүн сулууланасызбы?

 

Айжамал Кабылова: – Мен сыртымда эмнени өзгөртө турган болсом дагы эң биринчи жолдошумдун пикирин эске алам. Элге жагуудан дагы жолдошума жагуу мен үчүн маанилүү. Мисалы, ал менин ачык кийингенимди таптакыр каалабайт. Узун кийишимди талап кылып турат. Ошондуктан, акыркы тиктирген формаларымдын баары анын кызыкчылыгына байланыштуу болду. Кийимден тышкары келбетимдин жагымдуу болушуна көргөн аракетим дагы жолдошум үчүн экенин жашырбайм.

 

 

 

 

 

– Үй-бүлөлүк талашта жеңилип бересизби же?..

 

Гүлзат Байзакова: – Биздин үй-бүлөлүк талаш-тартышта дайымкы жеңүүчү менмин. Бул биздин мүнөзүбүзгө байланыштуу болсо керек. Мен башынан эле өз оюмду далилдеп, меники туура дегенге ынандырмайын тынч албаган жанмын. Менин бул сырымды башынан билген жолдошум дагы мени менен анчейин талаша бербейт.

 

 

 

 

 

 

 

– Мамилеге залакасы тийип калбоо үчүн жолдошуңуздан чындыкты жашырасызбы?

 

Салима Балтаева: – Үй-бүлө күткөн ар бир айымда үй-бүлөнүн ынтымагы, тынчтыгы үчүн ар нерсени жашырып же ачыгын айтпай бурмалап койгон кырдаал болот болуш керек. Ошолордун катарында мен дагы бармын. Шариатта деле “жакшылык үчүн айтылган калп кечиримдүү” деген бар экен. Эгерде ошол чындык чын эле биздин мамилебизге зыянын тийгизерине көзүм жетсе, анча-мынча жашырып коё берем.

 

 

 

– Жолдошуңуз кызуу абалда кеч келгенде кандай маанай менен тосуп аласыз?

 

Гүлянда: – Жолдошум мас абалда келген күн албетте, мен үчүн жагымсыз. Мындай учурларда ага таптакыр сүйлөбөй коём. Андайда талашып-тартышуу баары бир жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Жасалма күлүп, эркелетүү дагы колумдан келбейт. Айтор, жакшы да, жаман да сөз айтпайм.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE