Пример HTML-страницы

УЛАНГАН ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛОО.

https://kyrgyzcha.site/?p=41444&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УЛАНГАН ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛОО.

 

Кайсы бир оору менен сыркоолоп калган убакта албетте дары- дармектерди кабыл алууга туура келет. Дарылардын пайдасынан сырткары зыяны да жок эмес. Алар организмге кирген соң убакыт өтүп ууга айланып, ден-соолукка олутуу кедергисин тийгизет. Мунун натыйжасында өң- келбетиңизге да таасирин тийгизип, сулуулугуңуздун душманына айланат. Андыктан организмдеги ууларды тез аранын ичинде айдап чыгыңыз.

 

КАРТОШКА.

Картошканын курамындагы крахмал ичегиде жакшы сиңбейт. Анткени андагы ар кандай зыяндуу молекулалар биригип торчо сыяктуу ууну пайда кылат. Андыктан куурулган эмес сууга кабыгы менен бышырылган картошка жеген пайдалуу болот.

 

ПЕТРУШКА.

Бул чөп организмдеги ашыкча зыяндуу суюктукту айдап чыгат.

 

ЖҮЗҮМ.

Жүзүмдүн бардык сорттору табигый жол менен организмди тазалоочу касиетке ээ. Анын курамындагы холестериндин деңгээли талапка ылайык, андыктан кан айлануудагы шлактарды бошотот.

 

ЗЫГЫР.

Холестериндин деңгээлин жогорулатпай калыпка салып турат.

 

ЛИМОН.

Лимон организмге түшкөндөн кийин өзү зыянсыз ууга айланат дагы, организмдеги зыяндуу уулу заттарды ээритип жок кылат

 

ЖАЛБЫРАК ЖАШЫЛЧАЛАР.

Шпинат, салат жалбырагы, капуста жана башка жашылчаларды чийки түрдө кабыл алуу абдан пайдалуу. Организмди зыяндуу заттардан тазалап, ички органдарга пайдалуу келет.

 

КУНЖУТ.

Боордогу зыяндуу заттарды жоготуп, клеткаларына кам көрөт.

 

САРЫМСАК.

Сарымсак дагы боордогу активдештириле баштаган токсиндерди тазалап, ууга каршы жакшы күрөшөт.

 

КӨК ЧАЙ.

Көк чайдын курамындагы антиоксиданттар организмге жеткенден кийин, организмдеги керектүү заттарды тең салмактуу кармап турат.

Демек, келген зыяндуу заттарга сокку урат.

 

БРОККОЛИ.

Кээ бир окумуштуулардын айтымдарында брокколини тынымсыз кабыл алып туруу рак илдети менен ооруп калуунун 50 эсе алдын алат.

Мындан сырткары торчолорду жаңылап, сулуулукка кам көрөт.

 

ДЕН СООЛУКТА БОЛУНУЗДАР!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE