Пример HTML-страницы

Уйку алдындагы тамак карылыкка алып келет.

https://kyrgyzcha.site/?p=21926&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УЙКУ АЛДЫНДАГЫ ТАМАК КАРЫЛЫКА АЛЫП КЕЛЕТ

·         «Кечки тамагыңды душманыңа бер» деген сөз бекер кеп эмес. Түндө желген тамак — ден соолуктун душманы. Бизде соматотропин деген өсүү гормону бар. Бул гормон организмдеги ткандарды жаңылап, калыбына келтирип турат. Аталган гормон жаш, ден соолугу чың адамда дайыма бир калыпта болот. Эгерде адам түндө тамак жесе, дароо 5-10 эсеге көбөйүп кетет да, адам карый баштайт.

 

·         Түндөсү тамактануу ашыкча салмак кошот. Кеч тамактангандардын булчуң ткандары кечки убакта активдүү болуп калат да, калорияны жакшы сиңирет. Бирок баары бир кечинде тамак сиңирүү жайлайт. Тамактар сиңбей, ичтен ачыйт. Уктарга 3-4 саат калганда тамактануу эң туура.

 

·         Тамактагы белок, май кыйынчылык менен сиңет. Углеводдор болсо инсулинди иштеп чыгат, организмде инсулин канчалык көп болсо, гормон өсүүсү да ошончолук жайлайт.

 

·         Түнкү тамак ар кандай ооруларды пайда кылат. Кечинде көп тамактанып жүргѳн адам жогорку кан басым, семирүү, кант диабети, атеросклероз, остеохондроз, гипертония, инфаркт, остеопороз, тамак сиңирүү системасынын оорулары, он эки эли ичеги, ашказан оорулары менен жабыркайт.

 

·         Психологиялык көйгөйлөрдү жаратат. Түнкү табитин тыя албаган адам күндүзү өзүн чарчаңкы сезип, шалдырап жүрөт. Натыйжада стресске кабылып, урушчаак болуп калат.

 

·         Тиштердин жана бүйлѳлѳрдүн абалы начарлайт. Башка организмдер сыяктуу эле шилекей бездери да эс алат. Түнкүсүн ал бездер тамак-ашты жөнгө салганга жетиштүү деңгээлдеги шилекей бөлүп чыгара албай калат.

 

 

 

 

Уйку алдында жегенге болгон жана болбогон азыктар

 

Биздин ден соолугубуз үчүн тынч уйку абдан маанилүү. Жаш баланыкындай тынч уктообуз же уйкусуздук менен күрөшүүбүз кечинде желген азыктардан көз каранды. Эмесе, түндө жакшы уктайм десеңиз, кайсы азыктарды жегенге болот же болбойт, билип алыңыз.

 

 

 

Тыюу салынган азыктар

 

Бекон менен чизбургер

 

Фастфуд ден соолукка эле эмес, уйкуга да зыян. Бекон курамына рекорддук деңгээлдеги майды камтыйт. Ал ашказандын кычкылтекти бөлүп чыгышын стимулдаштырып, зарнаны чакырат.

 

 

 

Кара шоколад

 

Шоколадда, өзгөчө карасында кофеин жана теобромин бар. Алар нерв системасын козгоочу касиетке ээ. Анан да жүрөктүн согушун тездетип, уйкусуздукту чакырат.

 

 

 

Шарап

 

Алкоголь заараны көп бөлүп чыгаруучу болуп эсептелет. Андыктан уктар алдында ичүүгө такыр болбойт. Уйку алдында шарап ичкен адам катуу коңурук тартат.

 

 

 

Ачуу кошулмалар

 

Ачуу кошулмаларды жатар алдында жегенге катуу тыюу салынат. Анткени алар зарна кылат. Андыктан уктардын алдында кошулмалардан качуу керек.

 

 

 

Тоок эти

 

Тоок этинин курамында белок болгондуктан ал тамак сиңирүүнү 50 пайызга жайлатат. Тооктун этин жеп алып уйкуга кеткен адамдын организми эс албастан, этти сиңирүү үчүн иштеп чарчайт.

 

 

 

Уруксат берилген азыктар

 

Банан

 

Банандын курамындагы магний менен калийге ыраазы болсо болот, анткени алар булчуңдарды калыбына келтирет. Ошону менен бирге кечинде желген банан мыкты уйкуну, эртең менен өзүн жакшы сезүүнү камсыз кылат.

 

 

 

Сүт

 

Сүттө да уйкуну тынч жана узакка созуучу триптофан амин кычкылы бар. Ошондуктан балдарга уктар алдында сүт берүү абдан туура. Уйкусуздукка кабылган адам жатар алдында 1 стакан сүт ичип алса, уйкусу жакшырат.

 

 

 

Үндүктүн эти

 

Үндүктүн этин уктарга 1 жарым-2 саат калганда жегенге болот. Анткени анын курамындагы триптофан уйкунун сапатын жакшыртып, маанайды көтөрөт.

 

 

 

Алча

 

Алчанын курамындагы мелатонин уйкуга жагымдуу таасир этет. Андыктан алчаны уйку алдындагы эң мыкты азык десек болот.

 

 

 

Жасмин күрүчү

 

Жасмин күрүчүн дайыма колдонуу менен адам канындагы глюкозанын өлчөмүн көбөйтө алат. Ошондой эле уктар алдында жесе, ток пейил тартып жеңил уктайт.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE