Биз бардыгыбыз уйдун сүтүнөн жасалган быштакты кичине жегенде эле тоюп каларыбызды билебиз. Анткени анда кальций көп. Уйдун сүтүн атайын кичине балдарга беребиз, бул баланы ток кармайт, өсүп келе жаткан сөөк-саагына жакшы таасир берет. Ал эми тыттын жалбырагынан жасалган чайда уйдун сүтүнөн караганда 27 эсе кальций бар. Мына ошондуктан ал адамды ток кармайт. Эгерде сиз арыктайын деп чечсеңиз, диета кармаганга бул чай абдан жакшы. Тыттын чайын гана ичип, бир күн кечке тамак жебей жүрө аласыз. Курсагыңыз көп ачпайт. Ал эми диета кармабасаңыз, тамак ичер алдында жарым саат мурун тыттын чайынан эки чыны ичип койсоңуз, мурункудай көп тамак иче албай, токсурап, азыраак эле ичип-жеп калганыңызды байкайсыз. Ошондой эле мындай чай организмдеги зат алмашууну тездетет. Анткени тыттын жалбырагында башка эч жерде кезикпеген кандагы кантты нормада сактап турганга жардамдашкан уникалдуу комплекс бар. Азыркы медицинада бул DNJ» (маранолин) заты деп аталат. Ал жеген тамактагы канттын ичеги карындан канга сиңишин контролдоп, артыкча канттын май болуп теринин астына, ички органдарга, курсакка топтолуп калып калышына жол бербейт экен. Ошондуктан, бүгүнкү күнү ар бир адам нормага караганда таттуу нерселерди көп жей турганын жана көп кыймылдабай иштөөчү (сидячий) жумуштарды кыларын эске алганда Тыт чайы ден соолукту сактап, ашыкча семирип кетпеш үчүн абдан актуалдуу. Мурун биздин ата-бабабыз таттууну мынча жешпеген. Көп кыймылдашкан. Ошондуктан алардын арасында семирип кетүү аз болгон. Азыр техника адамдын жашоосун көп жеңилдеткени менен, 21-кылымдын эң оор оорусу, гипподинамия (аз кыймылдоо) – адамзаттын жарымынан көбүн ашыкча семиртүүгө алып барууда. Майлуу-таттуу тамакты очойтуп жеп алып, анан бир орунда отуруп иштеген кишилер көбүнчө ичи катып (запор), геморрой менен запкы жешет. Бул абдан коркунучтуу оору. Ал боорго катуу зыян апкелип, уулантып циррозго чейин алып барышы мүмкүн. Тыттын чайы болсо жоон ичегини жумшак тазалайт. Ал ичти катуу өткөрбөйт. Диарея организмдеги пайдалуу заттарды жууп кетип, алсыратып, оорутуп коет. Ал эми тыт чайы зат алмашууну жөнгө салат, ашказанды жакшы иштетет, жоон ичегинин регулярдуу күнүгө тазаланышына, боорду басып калган майдын кетишине жардам берет. Ошондой эле организмдеги ашыкча сууну чыгарып, буттардын шишип кетүүсүнөн сактайт. Бөйрөктөгү топтолгон туз, таш, поликистозду кетирип, жагымдуу таасир кылат. Кандагы холестеринди тазалап, жүрөк-кан тамырлардын ишин жөнгө салат. Семиз адамдардын энтигип дем алганын азайтат. Ошентип, тыт чайы — арыктоого абдан пайдалуу чайларга кирет. Анын бул өзгөчөлүктөрүн байкаган Чыгыштагы Кытай, Корей, Жапан, Тай элдери кылымдардан бери семирип кетүүгө каршы пайдаланып, атайын ферменттеп чай кылып жасап, ичип келишкен. Алардын технологиясы менен Кыргызфлора компаниясында жасалган чай азыр Кыргызстанда да чыгып, эл арасына ийгиликтүү таралып жатат. Бир эки жума ичкенде эле результатын сезген адамдар ыраазычылыгын билдирүүдө.
Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

Сизге мумкун жагып калат...
12
Ич өткөндө эмне кылуу керек? Жай мезгили келээри менен ар кандай оорулар
7
Баланы узак убакытка чейин эмизүүнүн пайдасы Эне болуу бактысы өзү эле
11
Дары ичкенде кандай тамактануу керек? Ар бир дары организмге эки
22
БЕТКЕ БЫРЫШ АДАМДЫН МҮНӨЗҮНӨ ЖАРАША ТҮШӨБҮ? Адамдын жүзү күзгү сымал анын
32
Уйку тууралуу алтын кеңештер 1. Күнүнө 6-7 сааттан ашык уктабаш керек.
28
ТАМАКТЫН ДААМЫН ЧЫГАРГАН ТАТЫМАЛ ЧӨПТӨР Жеген тамак-ашыбыздын даамын
42
ЖАҢЫ ЭТ МЕНЕН ЭСКИ ЭТТИН АЙЫРМАСЫН БИЛҮҮ Жаңы эт алам десеңиз, базарга барыңыз.
65
Айымдардан “жатындан сырткары бойго бүтүп калыптыр” деген кепти угуп эле
17
Вагинит (кольпит деген ат менен да белгилүү) – аялзатында эң кеңири таралган оору.
37
ЖАСАЛМА КИРПИКТИН ЗЫЯНЫ ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ..? Жасалма кирпик жабыштыруу
57
Бир мүнөттө кантип тез уктап калууга болот. Уйкусуздуктан зыян чегип келесизби?
15
БИР ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮ ЭТАБЫ Албетте ар бир баланын
18
УЙДУН ТИЛИ УЙКУСУЗДУК МЕНЕН ШАКЫЙДАН АРЫЛУУГА КӨМӨКТӨШӨТ
20
НЕВРОЛОГИЯЛЫК ООРУ Шакый – бул неврологиялык дарт. Көбүнчө баштын бир бөлүгүнүн оорутуусу.
29
Жашыңызга ылайык тамактаныңыз Адам кайсы гана жашта болбосун туура тамактана
38
Варикоздун арты — инсульт менен инфаркт Буттун тынымсыз оорушу
12
КУЛПУНАЙ (клубника) АРЫКТАТЫП, ЭС-ТУТУМДУ ЖАКШЫРТАТ
30
ЧИРКЕЙ, ААРЫ… ЧАККАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? 🐝 📍Чаккан жерге муздак басуу
18
Кээде газ жана электр плитасынын үстүндөгү тактарды кетирүү кыйынга айланат.
30
МАННЫЙ КРУПАДАН ЖАСАЛГАН БЕТКЕ МАСКАЛАР БЫРЫШТЫ ЖАЗЫП , ТЕРИНИ АЗЫКТАНДЫРЫП
19
3 даана аспирин чачыңызды жалтыратып, какачты жок кылат
25
Муну билгенден кийин сууну көп иче баштайсыз! Суунун адам үчүн пайдасы:
19
Артриттен арылуунун жеңил жолу Артрит – көп жагдайда майыптыкка алып келет.
23
Мумиё – табият тартуулаган табылгыс дары Мумиё – бул бийик тоолордо
11
Сууга туура түшкөндү үйрөнүп, чөгүп кетүүдөн сактанабыз.
30
ЖУЗУНУЗДУН ТЕРИСИН,БЫРЫШТАРЫН ЖАЙЫП КАЛЫБЫНА КЕЛТИРУУЧУ 7 МАСКА…
39
ЭГЕР ЖҮРӨК ООРУЛАРЫНАН, ЖЕ ИНСУЛЬТТАН КОРКСОҢУЗ, БУЛ СУУСУНДУКТУ ЭЧ КАЧАН ИЧПЕҢИЗ!
9
Чиркейден коргогон бөлмө өсүмдүктөрү Көпчүлүгүбүз чиркейге каршы
32
Чыканакка да көңүл бөлүү керек Чыканакка убагында жакшы көңүл бөлүнбөсө

















































