Turmush — Нарын облустук соту атасынын өлүмү боюнча айыпталган жигитке карата 13-сентябрында өкүм чыгарды. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Өткүнбек (аты өзгөртүлдү А.Ө.А.) 1997-жылы туулган. Убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Өткүнбек үйдөн атасы менен уруша кетип, аны түртүп жиберген. Ал үйдүн эшигинин алдындагы цементтелген жерге башы менен катуу тийип, алган жаракатынан улам каза болгон. Өткүнбек андан соң атасынын башына пакет кийгизип, сөөктү жашыруу максатында үйдүн ажатканасынын ичине салып жиберген.
Буга чейин 2024-жылдын январь айында Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы Нарын шаарында атасын өлтүрүүгө шектелген адам кармалганын кабарлаган. Анда милицияга 2024-жылдын 6-январында саат 21:00 чамасында Нарын шаарындагы үйдүн короосунда жайгашкан дааратканадан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар түшкөнү айтылган. Ал жерге ыкчам тергөө топтору барып, ажаткананын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы аныкталган. Маркум Нарын шаарынын 1970-жылы туулган тургуну С.А. экени такталган. Маркум С.А.нын аялы 2023-жылдын 12-ноябрь күнү милицияга арыз менен кайрылып, күйөөсү 2023-жылдын 11-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жөнүндө арыз жазган. Андан бери аны издөө иштери жүргүзүлүп жаткан.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголгон. Кылмыш иштин алкагында маркумдун уулу — 1997-жылы туулган А.Ө.А. жактоочунун катышуусунда суралган. Ал атасы мас болгондуктан ага «эмне спирт ичимдигин ичесиз?» деп өз ара уруша кеткенин билдирген. Аны түртүп жибергенде ал башы цементтин кырына тийип, эсин жоготуп койгонун, турбай калганда каза болуп калды деп ойлоп, башына целлофан баштык кийгизип, ажатканасына салып чөктүрүп салганын көрсөткөн.
Нарын шаардык сотунда Өткүнбек убактылуу таксист болуп иштеп жүрүп, үйүнө келгенде атасы мас болуп, ар кандай сөздөр менен тилдеп баштаганда «арак ичкениңизди токтотпойсузбу» дегенин айтып берген. Атасы ага «жумуш таап иштебейсиңби» деп тилдеп, аны 2 жолу чаап жиберип, үчүнчү жолу дагы урмакчы болгондо, ачууга алдырып түртүп жиберген. Атасы башы менен үйдүн эшигинин алдындагы цементтелген жерге катуу тийип, алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
- Нарын облустук соттук-медициналык экспертизасынын корутундусуна ылайык, маркум оор жаракат алып каза болгондугу аныкталган.
Өткүнбек Нарын шаардык сотунун 2024-жылдын 12-июнундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгү (жабырлануучу тарабынан укукка жат зордук-зомбулуктан же мазактоодон, жабырлануучунун башка укукка жат аракеттеринен, ага тете жабырлануучунун укукка каршы аракеттеринен улам, узакка созулган психикалык травма кылуучу жагдайдан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) жасалган адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзамдын негизинде эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камактан бошотулган.
Прокурордун каршылыгы:
Өкүмгө прокурор апелляциялык сунуш келтирген. Ал Өткүнбектин күнөөсү Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен толук далилденген деп эсептеп, Нарын шаардык сотунун 2024-жылдын 12-июнундагы өкүмүн өзгөртүп, ушул айыбы боюнча күнөөлүү деп таап, жаза чектөөнү суранган.
Айыпталуучу эмне деди?
Апелляциялык соттун отурумунда айыпталуучу Өткүнбек күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Ал маркум атасы мурда мас болгон учурда кол салган учурлары болуп келгенин айтты. Окуя болгон күнү дагы атасы мас абалда кол салган учурда өзү жыгылып кеткен. Ошол учурда стресс абалында болуп, андан аркысы эсинде калган эмес. Атасын өлтүрүү максаты болгон эмес.
Өткүнбек буга катар эле Нарын шаардык прокуратурасынын апелляциялык сунушун канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Өткүнбектин жактоочусу да анын күнөөсү далилденбегенин көрсөтүп, Нарын шаардык сотунун 2024-жылдын 12-июнундагы өкүмүн өзгөртүсүз калтырууну суранды.
Апелляциялык сотто маркумдун жакындары небереси Өткүнбекке эч кандай доосу жок экенин айтышып, Нарын шаардык сотунун 2024-жылдын 12-июнундагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранышты.
Соттун өкүмү:
Нарын облустук соту 13-сентябрда иштин материалдарын карап чыгып, Нарын шаардык сотунун 2024-жылдын 12-июнундагы Өткүнбек жөнүндөгү жөнүндөгү өкүмү өзгөрттү. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга карата жасалса же этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келүү) менен күнөөлү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди. Прокурордун апелляциялык сунушу жарым-жартылай канааттандырылды. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.
- Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.