Аллаху Таала тообо истигфар кылган адамды сөзсүз кечирет. Ким истигфар кыла турган болсо сөзсүз кабыл болот. Наср сүрөсүнүн маанисинде:
«Раббиңе истигфар кыл, Ал сөзсүз тооболорду кабыл кылуучу!” деп билдирилди. Худ сүрөсүнүн маанисинде да:
«Истигфар окугула, жардам беремин”, — деп айтылды.
Тообо кылалы. Аллаху Таала тообо кылгандардын тообосун кабыл кылат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бир киши келип:
«Мен бир күнөө кылып, тообо кылдым. Аллаху таала тообомду кабыл кылды бекен?”- деп сурады. Пайгамбарыбыз♥
«Кылды”, — деп жооп берди. Ал киши:
«Бирок, мен кайра күнөө кылдым, кайра тообо кылдым. Тобомду дагы кабыл кылдыбы?” – деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайра♥
«Кылды”, — деп жооп берди. Ал киши кайра сураганда:
«Сен кайра – кайра сурап убара болбо. Эгер бул Кыяматка чейин улана турган болсо сен тообо кылган сайын Аллаху Таала сени кечирет”, — деп айтты♥
♥Ар намаздан кийин он бир Ихлас сүрөсүн окууга аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат♥
«Кимде ушул үч нерсе болсо Бейишке🌴 каалаган эшигинен кирет♥ Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин он бир жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамды кечирип өлгөн адам.”
♥Ыйман бар болсо, демек бардык нерсе бар. Ыйман жок болсо, демек эч нерсе жок. Ыйман бул – жашоо жана жандуулук. Дене топурактан бар болду, кайра топурак болот. Денеге жандуулук берип турган нерсе — ыйман. Улуу заттар ыймансыз денени кабырга окшотушкан.
♥Адептүү адамдын өмүрү артат.
♥Мусулмандын максаты чексиз болууга тийиш.
♥Момундун шаттуулугу жүзүндө. Кабагы бүркөк болуу момунга жарашпайт.
♥Мусулман алууга эмес берүүгө аракет кылат. Анткени, мусулман үчүн дүнүйө ала турчу жер эмес, бере турчу жер. Алуу акыретте.
♥Садага берип, көп жакшылык кылуу керек. Садага өмүрдү арттырат, кыйынчылыктарды, балээлерди, ооруларды кетирет.