Токтогул ГЭСиндеги көпүрөнүн курулуу тарыхы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСне кеткен 3 млн кубдан ашык бетон, ушул көпүрө аркылуу өткөн. Сөз шаардын сыртына чыкканда Бишкек—Ош жолу менен Ош багытын көздөй бара жатканда, трассадан оңго бурулуп кеткен чоң көпүрө туралуу болуп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы көпүрө тууралуу иликтөө кылып көрдү.

Бул көпүрөдөн жылдын 4 мезгили болсо да адам өтүп, автоунаа каттап турат. Анткени энергетиктер ГЭСке жумушка барышат. Шаардыктар үйлөнүү, үлпөт тойлорго чыккандар ойноп, күлүп, сүрөткө түшөт. Ал эми чет жактан келген саякатчылар да ушул көпүрөгө келип, сүрөткө түшүп, видео тартып кетишет.

Дагы бир кызыктуу факты аталган көпүрө арылуу өлкөдөгү эң узун Нарын дарыясы агып өтүп, көздүн жоосун алат. Айрым бийиктиктен корккондор үчүн бул көпүрөгө баруу жүрөгүн болк эттирген сезимдерге дуушар кылаары анык.

Ушул көпүрөдөн Нарын дарыясы менен Кара-Көл шаарын ичи койнун аралап, агып өткөн Кара-Суу дарыясы кошулган жер. Айрыкча жаз, жай мезгилдеринде суу киргенде 2 суу кошулган жердин бири ылай, экинчиси тунук болуп, табигаттын эң бир кооз көрүнүшүн көрүүгө болот.

Аталган көпүрө тууралуу шаардын ардактуу атуулу, экс депутат, эмгеги сиңген гидрокуруучусу Адыл Дарбишев көргөн, билгенин айтып берди.

Пример HTML-страницы

«Токтогул ГЭСти куруу үчүн берки өйүзгө Кыргызстандагы эң чоң бетон заводу курулган. Ошол бетон завод, көпүрөнү куруу 1963-жылдарга туура келет.

Анан көпүрөнү куруу үчүн Өзбекстандан «Андижанский мостопоез» деген адистештирилген ишкана келген. Ушул ишкана чоң сууларга, чоң обрывдарга көпүрө салган.

Ал ишкана азыр Ысмайылов көчөсү болуп калды. Ошол көчөнүн берки башында жайгашып, көпүрөнүн көп бөлүктөрүн чогултуп, бетон иштери болгон, эки чекесине бетон коюу керектелген. Бетондон куюлган бычокторду даярдап алып барып, эки жээкке «подпорный стена» орнотуп, көпүрөнү куруп баштаган.

1966-жылы көпүрөнү курушкан. Себеби Токтогул ГЭСтин бардык бөлүктөрү темир монтаждоо, аркалар, эң биринчи ГЭСтин денесине куюлуучу 3 миллиондон ашык куб бетондун баары ошол бетон заводунан чыккан. Анткени бетон заводдон чыккан бетонду тез арада транспорт менен белгиленген жерге алып баруу керектелген.

Көпүрөнүн суудан бийиктиги 25 метр, узуну 60 метр, туурасы 12 метр деп ошондо иштегендерден укканым бар. Көпүрө куруу ал маалда кыйын болгон. Бирок Советтер союзунун өтө алдыңкы, күчтүү техникалары иштеген. Амиранов, Абдырахманов, Виктор Шинко деген «Красс» машине айдап, ошол көпүрө аркылуу Токтогул ГЭСинин бетонун ташыган», — деди Адыл Дарбишев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️