Таласта жол оңдоо аркылуу добуш сатып алуу аракети болгону тууралуу маалымат тараган. Кылмыш иш козголду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-октябрында Талас ШИИБге Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрөгасы кат менен кайрылган. Анда Талас шаардык кеңешине талапкерлигин көрсөтүп жаткан саясий партиялардын биринин мүчөсү 2024-жылдын 14-16-октябрында Талас шаарындагы жолдордун бирине кум-шагыл төшөп, жолду тегиздөө иштерин жүргүзүү менен ошол көчөнүн тургундарынын добуштарын алуу боюнча аракеттери тууралуу маалыматтар социалдык тармакка тарап кеткендиги көрсөтүлгөн.

Аталган факты ошол эле күнү Талас ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда Талас шаарындагы көчөлөрдүн биринде узундугу 450 метрди, туурасы 8 метрди түзгөн аралыкка кум төгүлүп, атайын техниканын жардамы менен сүрдүрүлүп, тегизделгени аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

———————————————————-

2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланат. Ал эми 17-октябрда үгүт кампаниясы башталган.

Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалган.

Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысы 484 жергиликтүү кеңеш болгон болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️