Пример HTML-страницы

Сотто ал кызына жансыз денесин сүрөткө тартууну тапшырганы айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 3 балалуу келин өз өмүрүн кыйып, кат жазып, өлүмүнө кайын энесин күнөөлөгөн. Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясы апелляциялык даттанууну карап, 2023-жылдын 5-апрелинде өкүм кабыл алды.

  • Айыпталуучу Жазира (аты өзгөртүлдү) 1962-жылы Базар-Коргон районунда туулган, үй-бүлөлүү, пенсионер, мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) 1-бөлүгү (өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүү) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучу Жазира жабырлануучу Зарина (аты өзгөртүлдү, З.к.А.) 2013-жылы келин болуп келгенден баштап ага катаал мамиле жасап, кадыр-баркына шек келтирип, көрүнгөн адамга жабыштырып, жаман сөздөр менен тилдеп келген. Мындан улам келини Зарина 2022-жылдын 23-июлуна караган түнү Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылынын Катраңкы участкасындагы турак жайда чакмак дептирдин барагына «Ким дагир [ред.бузулган] болуп жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө, ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» деп кат жазып, андан кийин курулушу толук бүтө элек бөлмөдөгү устунга жоолук байлап, өз өмүрүнө кол салып каза болгон.

  • Буга чейин Turmush Жалал-Абад ОИИБге шилтеме берүү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда каза болгон келин өлүм алдында кат таштап кеткенин жазган. Окуя 2022-жылы 23-июлда болгон.

Базар-Коргон райондук сотунун 2023-жылдын 7-февралындагы өкүмү менен Жазира Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жазира Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, ага карата 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү О.С. соттун бул өкүмү менен макул болбой, апелляциялык даттануу келтирип, Базар-Коргон райондук сотунун 2023-жылдын 7-февралындагы өкүмүн толугу менен бузуп, Жазираны 6 жылга эркинен ажыратып, аны менен бирге маркумдун 3 баласына жана анын үй-бүлөсүнө келтирилген моралдык зыяндын чыгымын кайра башынан карап берүүнү суранган.

Сот отурумунда жабырлануучу О.С.нын айтымында, 2022-жылдын 22-июлунда кызы саат 15:00дө телефон чалып: «Апа сизге видео жөнөтсөм, WhatsApp’ты ачып карабай жатасыз. Видеону көрсөңүз» деген. О.С. дароо эле WhatsApp’ты ачкан. Видеодо кызы тандыр куруп, ичине от жагып койгондугун көрсөткөн. Андан кийин кызына видео аркылуу чалса, кызы тандырдын капталында баласын эмизип отурган. О.С. ага «тандырды кыйналып курбай, мага айтпайт белең. Бир иниңди жибермекмин» деп айтканда, кызы: «Апа мен кайын энемен чарчадым. Бир күн болсо дагы тандыр куруп, кулагым дем алсынчы. Тандырды куруп кыйналганым деле билинген жок» деген.

О.С. кошумчалагандай, тандырды алгач усталар курган, бирок бүтпөй калган курулушун кызы бүтүргөн. Видеону кызы күйөөсү үчүн тарткан. Аны кайын энеси Жазирага дагы жөнөтүп, бирок айыпталуучу Заринаны «эмнеге усталарга курдурасың?» деп жаман сөздөр менен тилдеген. Андан кийин чет жакта иштеп жүргөн уулуна телефон чалып, маркумду жамандаган.

Бул анын кызы менен акыркы сүйлөшүүсү болгон. Ага чейин, окуядан 4 күн мурун кызы үйүнө келген. Экөө базарга барып, азык-түлүк, майда-чүйдө алып берген. Андан кийин кызына жаштар кие турган кийим алып берейин десе, Зарина: «Мен мындайды кийсем, кайын энем: «Сен Бактияр кеткенден кийин көөп кеттиң» деп жаңжал кылат» деп алдырбай койгон. Бирок О.С. кызынын ой-боюна койбой жеңи жана этеги узун кийим алып берген.

С.О. сотто апелляциялык даттанууну толугу менен колдоп, айыпталуучу Жазирага карата мыйзам чегинде өкүм чыгарып, 10 000 000 сом өндүрүп берүүнү суранды.

Сот отурумунда жабырлануучу О.С.нын мыйзамдуу өкүлү А.М. маркумдун кызы А.нын көрсөтмөсүнө таянып буларды билдирди. Анын айтымында, Заринаны кайын энеси «дагир» деп жаман сөздөр менен тилдеген. Мындан улам Зарина тандырдын жанында ыйлап отурган. Кеч киргенде үч баласын отургузуп, баштарын сылап: «Эми бүгүнтөн баштап силерге эч ким төшөк салып бербейт» деп айткан. Кызы А.га «мен уктап жаткан абалда же асынып турган абалда мени сүрөткө тартып, бекитип кой. Сүрөттү таенең гана көрсүн. Силерди энеңер көрүп калса же үйгө келип калса, мени базарга кетип калды деп айтып койгула. Кандай болбосун таенеңердин үйүнө баргыла» деп айткан.

А.М. билдиргендей, маркум Заринанын телефонунда акыркы жолу кайын энеси Жазира жана күйөө баласы Б.Ж. менен видео чалуу аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Кийин Заринанын кайын сиңдиси телефонду маркумдун кызына ачтыртып, ичиндеги бардык маалыматты өчүртүп салган. Мындын улам маркумду кызы А.нын сүрөт боюнча көрсөтмөсү далилсиз калган. Андан кийин алар техникалык экспертиза дайындоо боюнча тергөөчүгө өтүнүч келтиришкен. Өтүнүч канааттандырылып, экспертизага жиберилип, жыйынтыгында А. телефон аркылуу апасын асынган абалда сүрөткө бир эле жолу эмес, бир нече тарткандыгы чыккан.

А.М.нын айтымында, Заринанын өлүмүнөн кийин балдары коркуп калгандыктан, аларды учурда Бишкектен дарылатып жатышат. Балдардын дары-дармегине 100 000 сомдон ашык акча сарпталган. Айыпталуучунун балдары үйгө эч ким кирбесин деп кулпу салып коюшкан. Мындан улам маркумдун артында калган 3 баланын жашай турган үйү жок. Ал эми атасы жоопкерчиликке тартылып калуудан коркуп, Россиядан келбей жатат.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү О.С. кызы каза болгондон бери (9 айдан бери) санаага батып, бир нече жолу ооруган.

А.М. Жазираны сот залынан камакка алып, 10 000 000 сом акча өндүрүп берүүнү суранды.

Сот отурумунда айыпталуучу Жазира жабырлануучу О.С. менен анын мыйзамдуу өкүлү А.М.нын айткандары жалган экенин айтып, апелляциялык даттанууга келтирген каршы пикирди колдой турганын билдирди. Ал ден соолугуна байланыштуу жакшы сүйлөй албагандыктан, анын каршы пикирин жактоочусу К.Т.уулу окуп берди. Ошондой эле жактоочу айыпталуучу: «Тандырды усталарга айтпай, бизге айтсаң болот эле го» деп айткан сөзүн мойнуна алып отургандыгын, балдар жалгыз калбарын, атасы бардыгын, айыпталуучу Жазиранын пенсия курагын жана ооруп жаткандыгын эске алып, Базар-Коргон райондук сотунун 2023-жылдын 7-февралындагы өкүмүн күчүндө калтырып, ал эми апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу У.С.нын айтымында, айыпталуучу Жазиранын күнөөсү иштин ичиндеги чогултулган материалдар менен жана жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн жана анын өкүлүнүн берген көрсөтмөлөрү менен толугу менен далилденет. Жазира тарабынан Заринага карата колдонулган «дагир, эшек, жалап» деген терс формадагы сөздөр бир жолу эмес, дайыма колдонуп жүрүү аракети суицидге алып барууга таасир этүүчү лингивистикалык белгилер болуп саналат. Зарина Жазиранын «Тандырды жасаган балдарга жатып берип, андан кийин тандырды курдурдуң» деген сөзүнүн кесепетинен асынып алган. Андыктан келтирген апелляциялык даттанууну колдоп, Базар-Коргон райондук сотунун 2023-жылдын 7-февралындагы кабыл алынган өкүмүнүн корутунду бөлүгүнөн 2-абзацын алып салууну суранды.

Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясы Базар-Коргон райондук сотунун 2023-жылдын 7-февралындагы өкүмүн өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE