Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы кырсыктан 51 жаштагы аял көз жумду. Мотоцикл бир нече адамды сүзгөн учур видеого түшүп калды

TurmushЖалал-Абад шаарындагы жол-транспорт кырсыгынан 51 жаштагы аял киши каза болду.

Тurmush басылмасына маалым болгондой, жол кырсык 20-май күнү саат 20:20 чамасында Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Кыргыз Республикасы көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кырсык видеокамерага түшүп калган.

Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, шаар тургуну «Yamaha» мотоцикли менен бара жаткан Сузак районунун тургунунун башкаруусундагы «Дэу Нексия» менен кагышкан. Мотоцикл сүрүлүп, жолдун четинде турган жарандарды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен аял киши ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калды. Дагы 3 адам ооруканада жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE