Пример HTML-страницы

Зордуктоого шектелип жаткан кыргызстандык жигит Москвадан кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Москва шаарында издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн Ош облусунун Араван районунун тургуну — 2000-жылы туулган Р.М. Россия Федерациясынын Москва шаарынан колго түштү.

Ал 2022-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде козголгон кылмыш ишине шектелип, издөөгө алынган. Учурда шектүүнү Кыргыз Республикасынын аймагына экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE