Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлери туристтик мезгилге даярданып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш обусунда туристтик мезгилге даярдык көрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, туристтик мезгилди өткөрүүдө жергиликтүү элдин жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун сактоо, коомдук жайларда, жарандар эс ала турган аймактарда кылмыштарга, одоно тартип бузууларга бөгөт коюу, ар кандай кокустуктардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Муну менен катар кызматкерлер туристтик аймактарга күзөттөрдү уюштуруп, туристтер үчүн жагымсыз жагдайларды жаратуучу фактыларды аныктап, тийиштүүлүгү боюнча мамлекеттик мекеме, уюмдарга фото, видео менен тастыткалган маалыматтарды жөнөтүшүүдө.

«Андан ары ар бир мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарына жараша, аталган жагдайдын жаралышынын себептерин аныктап, аны жоюу менен жергиликтүү тургундарга жана келген туристтерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE