Пример HTML-страницы

Ошто 18 миңден ашык окуучу мектепти аяктап жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунда жана Ош шаарында 18 миңден ашык окуучу мектепти аяктап жатат.

Ош облустук билим берүү институтунун координация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүласира Каныбек кызынын айтымында, 2023-2024-окуу жылында бүтүрүүчүлөр өткөн жылга караганда 7,9%га көп.

«Быйылкы жылдын эсебинде жалпы 41 миң 25 окуучу бүтүрүүчү болду. Алардын 15 миң 810 окуучу 11-классты, 25 миң 215 окуучу 9-классты аяктап жатат», — деди ал.

Ош облусу боюнча 17 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады.

Алар:

— Абылкасымов Сухробек — Араван району, З.М.Бабур атындагы мектеп;

— Зайнабидинова Рисолатой — Араван району, «Араван Билим Ордо»;

— Маматбаева Нурзат — Араван району, «Араван Билим Ордо»;

— Бердиева Аксана — Кара-Кулжа району, Б.Эшмамбетов атындагы орто мектеп;

— Жапаров Ийгилик — Кара-Кулжа району, О.Сайдилканов атындагы автордук мектеп-гимназия;

— Турдумаматова Аруке — Кара-Кулжа району, Ш.Жээнбеков атындагы лицей-инетернат;

— Юсупов Муслимбек — Кара-Суу району, «Азия-Старт» мектеби;

— Абдакимов Абдазим — ОшМУнун Кара-Суудагы гимназиясы;

— Женишбек уулу Билал — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Калмаматова Жаннат — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Калыбаев Жумабек — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Малашова Айбийке — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Маматова Адинай — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Сулейманова Жанылай — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Торокелдиева Рабия — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Карыяева Сумая — Ноокат району, «Ноокат билимканасы»;

— Муктарова Ажар — А.Тангатаров атындагы мектеп-интернат.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдиргендей, шаарда 88 мектеп бар. Анын ичининде 54 мектеп Ош шаардык билим берүү башкармалыгына карайт. Аталган мектептерде 79 миң 122ден ашуун окуучу билим алууда.

Быйыл Ош шаарында 11-классты 2 миң 315 окуучу, ал эми 9-классты 7 миң 326 окуучу аяктап жатат.

Ош облусу боюнча 6 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады.

Алар:

— Пайысбекова Назик — К.Алтыбаев атындагы №14 орто мектеп;

— Токтосунова Малика — К.Алтыбаев атындагы №14 орто мектеп;

— Арапбаева Айдана — Курманжан датка атындагы Ош лицейи;

— Асилбек кызы Айзирек — Курманжан датка атындагы Ош лицейи;

— Казканова Каныкей — Курманжан датка атындагы Ош лицейи;

— Абдимиталипов Шерболот — «Олимп» мектеп-гимназиясы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE