Turmush — Лейлек районунун Кулунду айылынын 66 жаштагы тургуну Ширин Турдубаева килемдин бардык түрүн согуп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, бул өнөрүн 15-16 жаштан бери аркалап келе жатат.
«Килемди кичине кезимден эле токуп келем. Лейлек килеми баарына белгилүү. Ай көчөт таар, араби, жүл килем даярдап, кийиз басабыз. Араби килемди 3-4 адам болсок 1 жумада даярдайбыз. Кээде жалгыз токусак 10 күндө бүтүрөбүз. Жүл килемди 3-4 киши болсок 10 күндө даярдайбыз.
Мурда кошуна Тажикстанга көп чыгарат элек азыр бүткүл Кыргызстанга чыгарабыз. Жүл килемдер көлөмүнө жараша 60 миң сомго чейин, араби килемдер 35 миң сомго чейин сатылат.
Азыр эми телефон болуп, интернеттен эле буйрутмаларды алабыз. Бишкекке, бардык облустарга чыгарабыз. Бизде азыр боексуз ак, кара түстөгү жүл килем, ак, кара түстөгү араби килем өтүмдүү.
Илгери биздин дараметибиз бир эле ушул килем болчу. Ата-энебиз колхоздун малын багат эле. Жүндү ийрип жип кылып берсе биз токуйт элек. Анда мен 15-16 жашта, 8-класста окусам керек. Классташ кыздар менен алгоо деп коет элек, кезектешип, бири-бирибизге барып килем согот элек. Менин апам жип даярдаса, биздикин, анын апасы даярдаса аныкын токуп даярдайт элек. 1 жумада 1 араби, 10 күндө 1 жүл килемди согот элек. Ата-энелерибиз аны сатып той өткөрүп, келин алышчу, үй салышчу.
Жипти ийрип даярдалганын түр деп коебуз. Ошондобир араби килемге 12 килограмм түр керек болот. Эгер чоңураак болсо 15 килограмм керектелет. Ал эми жүл килем үчүн 20-21 килограмм керек болот. Керектүү жүн баары өзүбүздөн чыгат. Мал багабыз, андан алынган жүндөн түр алабыз. Кыз-келиндерге даярдап беребиз, сатабыз. Азыр эми биз курактуулар үйдө бекер отурбай согуп даярдасак, ден соолугубузга пайда болсо, бир жагы киреше. Кыз-келиндер үйрөнүшөт. Лейлектин атын чыгарган бул баалуулукту жоготпой муундан муунга калтырсак жакшы», — деди ал.
Чебер айым 3 кыз, 1 уул, 17 небере, 3 чөбөрүнүн энеси.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.