Пример HTML-страницы

Сепкилерге каршы маска

https://kyrgyzcha.site/?p=21857&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Сепкилге каршы маскалар

 

Петрушка маскасы

 

Петрушканы 2 аш кашык чыккыдай кылып майдалап аласыз. Анын ширеси чыкканда бетиңизге ширесин жалбырагы менен бирге жаап 20-30 мүнөт кармайсыз. Убактысы келгенде масканы акырын алып, жүзүңүздү муздак суу менен жууп, артынан бет май менен майлап коёсуз. Бетке петрушканын маскасын коюп жаткан маалда анын ширесин дагы 1 стакандан ичип жүрсөңүз таасирин жакшы берет. Бул маска аралаш бетке ылайыктуу.

 

 

 

Горчица маскасы

 

1 чай кашык горчица менен 1 аш кашык зайтун майын жана жарым чай кашык лимондун ширесин аралаштырып, бетиңизге 5-6 мүнөт кармайсыз. Алгач жылуу суу, андан кийин муздак суу менен жууп саласыз. Маскадан кийин сөзсүз түрдө жумшартуучу бет май менен майлап коёсуз. Бул маска бетти агартканга гана жардам бербестен, беттеги сепкилдерди дагы кетирет. Горчица маскасы кургак беттерге сунушталат.

 

 

 

 

 

 

 

Азыктандыруучу маскалар

 

Сабиз маскасы

 

 

 

2-3 сабизди сүргүчтөн өткөрүп, ага 1 даана жумуртканын сарысын жана 2 аш кашык крахмал кошуп бирдей массага келгиче жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон масканы бетке жаап 15-20 мүнөт кармаган соң алгач жылуу суу, андан кийин муздак суу менен жууп салуу керек. Өзгөчө териси түлөп, алсыз тартып, кургап турган терилерге бул табылгыс маска болуп эсептелет.

 

 

 

Бет тери кургап, түлөгөндө колдонулуучу маскалар

 

Өсүмдүк майынан маска

 

Бет түлөп жаткан маалда 100 грамм өсүмдүк майына 100 грамм бал менен 2 даана жумуртканын сарысын аралаштырып туруп жүзүңүзгө тегиз жабыңыз. 5-7 мүнөт кармаган соң жүзүңүздү жылуу суу менен жууп салсаңыз болот. Бул маска териси кургактар үчүн сунушталат.

 

 

 

Каймак маскасы

 

1 даана жумуртканын сарысы менен 100 грамм каймакты аябай аралаштырып, ага лимондун кабыгын сүргүчтөн өткөрүп кошосуз да, 20 мүнөт оозу жабык идишке кармайсыз. 20 мүнөттөн кийин 1 чай кашык өсүмдүк майын аралаштырып бетиңиздин кургап, катуу түлөп жаткан жерлерине калың, калган бөлүгүнө жука кылып жабасыз. Маска кургап бет тартылыша баштаганда алдын ала даярдалган петрушканын тундурмасы менен жууп саласыз.

 

 

 

Бет терисин нымдаштыруучу маскалар

 

Жумуртка маскасы

 

1 даана жумуртканын агына 1 чай кашык лимондун ширеси менен 2 чай кашык сулунун акшагын кошуп, аларды бирдей массага келгиче аралаштырасыз. Даяр болгон масканы жүзүңүзгө 5-7 мүнөт кармайсыз да, жылымык суу менен жууп саласыз. Бул маска бетти нымдаштыргандан тышкары бетти агартуучу касиетке да ээ. Аталган маска майлуу беттерге гана сунушталат.

 

 

 

Бал маскасы

 

1 даана жумурткага 1 чай кашык бал, жарым чай кашык зайтун майын жана сулунун акшагын кошуп бирдей массага келгиче аралаштырасыз. Даяр болгон масканы бетиңизге 20 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууйсуз. Бул маска теринин үстүндөгү тер чыгуучу эң майда тешикчелерди кургатуучу артыкчылыкка ээ болгондуктан майлуу жана нормалдуу терилерге сунушталат. Майлуу бетке сунушталуучу бул маска бетти азыктандырат жана нымдаштырат. Бетти азыктандырып гана койбостон, картаюу процессин жайлатуучу касиетке да ээ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE