Руслан Жээнбеков Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖээнбеков Руслан Рахманбердиевич Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Ал 1985-жылы 22-февралда Талас шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.

Буга чейин аталган кызматты Кулушев Ырсахун Дүйшөнович жетектеп келген.

Билими:

— 2003-2008-жылдары Талас мамлекеттик университетинин маалыматтык системалар жана технологиялар адистигин, программалык камсыздоо инженери квалификациясын алып чыккан.

Пример HTML-страницы

— 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу адистиги менен менеджмент багыты боюнча магистрдик программасын окуган.

Эмгек жолу:

— 2008-жылдын 18-февралынан 2010-жылдын 18-январына чейин Талас мамлекеттик университетинин компьютердик классынын администратору;

— 2010-жылдын 18-январынан 2010-жылдын 1-сентябрына чейин Талас мамлекеттик университетинин Информациалык система жана технология кафедрасынын окутуучусу;

— 2010-жылдын 18- январынан 2011-жылдын 14-мартына чейин Талас шаарынын мэриясында системдик администратор;

— 2013-жылдын 9-январынан 2014-жылдын 18-мартына чейин Талас шаарынын мэриясынын турак жай коммуналдык чарбасынын адиси;

— 2014-жылдын 18-мартынан 2018-жылдын 19-апрелине чейин Талас шаарынын мэриясынын турак жай коммуналдык чарбасынын башкы адиси;

— 2018-жылдын 19-апрелинен 2024-жылдын 22-августуна чейин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси;

— 2024-жылдын 22-августунан баштап президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️