Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Пилинг бетти тазалоо ыкмасы

https://kyrgyzcha.site/?p=21906&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ПИЛИНГ БЕТТИ ТАЗАЛОО ЫКМАСЫ

 

Пилинг. Пилинг дегенди теринин сырткы катмарын, тагыраагы, эпителийди сыйруу деп түшүнсө болот. Ал косметологияда беттеги ар кыл тактарды, тырыктарды жок кылуу, безеткиден арылуу, агаруу жана жашаруу максатында жасалат.

 

Жасалышы. Негизи пилингдин түрлөрү абдан көп. Азыркы күндө алардын ийгиликтүүсү — химиялык түрү. Мында беттин терисинин бир катмарын сыйруу үчүн кислота же бир нече кислотанын аралашмасы колдонулат. Алгач ал бетке 3-4 катмар болуп тегиз коюлат. Муну улай эле белгилүү деңгээлдеги күйүү процесси жүрөт. Бетти ачыштырат. Бул убакта күйүүнүн тереңдеп кетиши косметологдун жардамы менен көзөмөлгө алынат. Белгилүү бир убакыттан кийин аны нейтралдоочу дармек сүйкөлөт.

 

Пилингден кийинки камкордук. Пилинг жасалган күнү бетке эч нерсе сыйпаганга болбойт. Анткени, процесс дагы деле жүрүп жатат. Эртеси күндөн баштап сөзсүз күн нурунан коргоочу жогорку пайыздуу крем сыйпоо керек. Адис уруксат бергенче мончого түшүүгө болбойт.

 

Зыяны. Пилинг зыяндуу болуп саналбайт. Бирок, косметологдун айткандарын аткарбай коюу менен көптөр аны өздөрү зыяндуу кылып алышат. Адатта пилинг жасалган күнү таптакыр, андан кийин деле көп сыртка чыгууга болбойт. Себеби, пилингден кийин беттин терисинин бир катмары жок да, мындан улам ал күндөн келген зыяндуу нурлардан коргонууга алсыз.

 

Түрлөрү. Пилингдин жука, орто жана терең деген үч түрү бар. Булар бири-биринен кислотанын пайыздуулугу менен айырмаланышат. Кардарга алгач жука пилинг жасалат, антпесе анын териси түз эле терең пилинг жасоого даяр эмес болот. Ал эми экинчи ирет орто пилинг жасалат, антпесе мында жука пилингдин таасири алсыз. Бет бир жолку пилингден кийин жакшынакай болбосо арадан убакыт өткөрүп экинчи жана үчүнчү жолу деп жасала берет.

 

 

 

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE